Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ишенбай Кадырбеков: “Кумтөр боюнча ондогон, жүздөгөн суроолор жоопсуз турат”

Ишенбай Кадырбеков: “Кумтөр боюнча ондогон, жүздөгөн суроолор жоопсуз турат”

22-январь, 09:00
1 970 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Быйыл Кумтөр кенинен 17 тоннадан ашуун алтын казуу пландалууда, 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 тоннага көп болот. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын сырткы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк билдиргенин министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады. Жагымдуу кабар. Бирок Кумтөр боюнча көп иштер бүдөмүк, суроолор жоопсуз турат. 

-- Кумтөр боюнча жакшы отчеттор берилүүдө, бирок көп иштери элге бүдөмүк бойдон калгандай. Кумтөрдөгү акыркы иштерибиз боюнча кандай пикирдесиз?

-- Кумтөр элдин байлыгы болгондон кийин кандай келишимдерге кол коюлуп, өкмөт кандай иш жүргүзүп жатат? “Центерра” менен жолугушууда эмне деген сөздөр болду? Мунун баарын эл билиши керек да. 2003-жылы реструктуризация болгондо да “эң жакшы келишим болду” деп 67%дан 33%га түшүп калган болчу. Биз болсо Кумтөр компаниясынан 3,2% акциябыз болсо, кийин бул пайыздан да кол жуудук. Анан “2009-жылдагы келишим сонун болду” деп Жогорку Кеңеш, Жогорку сот да карап, “баары ордунда” деп атып, катаны дагы кеч билдик.

Азыр дагы “укмуш сонун келишимдер болуп жатат” деп айтышууда. Аягы эмне менен бүтөрү белгисиз. Ошондуктан бүгүнкү сүйлөшүп жаткан келишим туурабы, жаманбы, жакшыбы – аны айтыш кыйын. Ошол эле убакта учурда Кумтөр алтын кени боюнча айрым суроолорго жооп алсак түзүк болмок. “Центерра” өз учурунда акылдуу иш жасаган. Кумтөрдөн табылган акчалардын баарын акционерлер бөлүшүп албай, алар дүйнөдөгү алтын компаниялардын акцияларын сатып алышкан. Бүгүнкү күндө “Центерранын” колунда ондогон акционердик компаниялардын акциялары турат. Төртөөндө 100%, айрымдарында 70-75%. Бул Монголияда, Түркияда, Россияда, Кытайда, Канадада бар. Алар чоң байлыкты колуна алып алган. “Центерранын” акционери катары бизде 26,1% акциясы бар. Дүйнө жүзүндөгү алтын таап жаткан он компаниянын акцияларына Кыргызстан дагы ээ, б.а., 26,1% боюнча. Жакында эле “Центеррадан” мындай сунуш келди: “Макул, “Кумтөр Голд Компанини” силер алгыла, 26,1% акциядан кол жуугула, “Центеррадан” кеткиле” деген. Мындайча айтканда, “Кумтөрдөн табылган акчадан, акциядан, дүйнөлүк байлыктан кол жуугула” деген сунуш болуп жатат. Ошол себептен суроо жаралууда: Кыргызстан “Центерранын” талабына макулбу же макул эмеспи? Эгерде макул болсо, эртең Кумтөрдүн алтыны түгөнөт. Биз болсо дүйнөлүк алтын кендердеги акциядан дагы куржалак калабыз.

-- Экология боюнча да доо коюлуп, чоң сумма айтылбады беле?

-- Ооба, экинчи маселе “Кумтөр Голд Компаниге” Кыргызстан башында доо койгон болчу. “Бизге, кыргыз мамлекетине экология, салык боюнча 4,5 млрд. доллар доо кетирди” деген айыпты айтып чыгышкан. Эгерде “Кумтөр Голд Компани” ушундай доо кетирсе, биз болсо Кумтөр кенин колубузга алып жатсак, бул доону ким төлөп берет? “Биз “Центеррадан” чыгып кетсек, доо койбогула” деп жатышат. Ошончолук чоң көлөмдү (эгер Кумтөр колуна тийгенде) Кыргызстан өзүнө өзү төлөп калабы? Экологдордун айтымында, экология маселесин чечүү  үчүн 5 млрд. доллардан ашык каражат керектелет экен. “Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө таштандыларды төгүштү, экологияга чоң зыян келтирди” деп биздин жарандар Октябрь райондук сотко кайрылышкан. Утуп алышты. Сот “260 млрд. сом төлөп берсин” деген чечимин кабыл алды. Компанияны өзүбүз алып жатсак, бул каражатты Кыргызстан өзүнө өзү төлөйбү? 

Негизи Кумтөрдө жаратылышка катуу доо кеткен. Акыры бүткөндө  рекультивация дегенди жасашыбыз шарт. Водохранилищени мониторинг кылуу зарыл. Эгерде катуу жер титирөө болуп, водохранилище жарылып кете турган болсо, Нарын суусуна ууларынын баары кетет. Ошондой болбош үчүн биз күн сайын мониторинг кылышыбыз шарт.  

Кумтөрдөгү таштандынын баарын ордуна кетирүү керек. Ага миллиарддаган долларлар жумшалат. Аны кайдан табабыз? Кумтөр бүткөндөн кийин рекультивация кылып, жаратылышты ордуна келтире турган долбоор жасаш керек эле. Алар муну жасаган жок. Эртең алтын да бүтөт. Ушуларга бүгүн жооп барбы? Мунун баарын биз мойнубузга алып жатабызбы, же “Центерра” ордуна келтирет” деген келишим барбы? Муну да эч ким билбейт. Эмнеси жакшы экенин билбей жатабыз. Айтор, Кумтөр боюнча ондогон, жүздөгөн суроолорго жооп жок. “Ой, сонун болуп атат” деген мактоолор айтылууда. Мен деле “ошондой эле болсун” деген пикирдемин. Бирок, кийин бийлик алмашканда, “булар убагында туура эмес иш жасаптыр” деп айтып чыгышат. Кайрадан суракка чакырышат. Ушинтип эле жүрө беребизби? Кыргыз эли качан жер байлыгынан пайда көрөт?  


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер