Буркановдор Баткенди багындырып бүтүшүп, эми Ошту ала башташты...
Бийликтин эркеталтаңы Арзыбек Бурканов бир тууган иниси Нурланбек Буркановду Ош ОИИБге начальник катары дайындатып, колуна “туз” келип атканын кашкайта көрсөтүүдө. Негизи кыйын экен. Бизнеси гүлдөп, эбегейсиз кулач жайып, убактылуу бакытка бөлөнгөн чагы. Бирок мындай манчыркоо канчага чейин созулары белгисиз. Кокус жаза тайып, катачылык кетирсе, төбөлдөр аябаса деле керек. Арзыбек көмүскөдөн олигархка айланып, ири көлөмдөгү акчаларды айландырып келгени дайыма талкуу жаратып, шек-шыбырды күчөткөнү жашыруун эмес. Коомчулук астында бизнесин ачык жасабай, көмүскөдөн күргүштөп атканы жалганбы? Азыр ачыкталбаса да, убакыттын өтүшүнө карай олуттуу суроолор жаралса керек. Ал эми иниси Нурланбек Буркановдун билими, тажрыйбасы Ош ОИИБни башкарганга жетпей турганы өздүк курам ичинде айтылып, сын-пикирлер курчуп турган чагы. Райондук деңгээлде тыңгылыктуу иштей албаган кадр кантип облустун коопсуздугун камсыздайт? Таңгаласың да. “Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет” дегендей, билгендерин кыла беришеби? Буркановдор урук-тууганы, куда-сөөк, дос-жары менен Баткенди басып, багындырып бүтүшүп, эми Ошту ала башташтыбы? Эл эмне дейт?..
"Азия Ньюс" гезити