“Эл отчётторду уга берип, көп нерсеге кайыл болуп калды”
-- Эмне үчүн Акылбек Жапаровдун отчёту эл ичинде ишенимге ээ болгон жок? Өкмөт өнүгүп атканын, экономика көтөрүлгөнүн айтса, реалдуу жашоодогу жакырчылык, кымбатчылык чегинен ашып баратат го?..
Акан Иманов, фермер:
-- Эл отчётторду уга берип, көп нерсеге кайыл болуп калды. Ишенимге ээ болуш үчүн алар өкмөттүн колдоосун сезип турушу керек да. Бюджеттик же муниципалдык мекемелерде иштегендерди эске албаганда, карапайым калк өз жонуна оорчулуктарды көтөрүп жанын багууда. Быйыл азык-түлүктөр кымбат, ошол эле маалда мал, жүгөрү, картошка же кумшекер өндүргөн элет калкы продукцияларын сатканы келгенде арзан болуп, кыйынчылыктар туулууда. Мурда дүкөндөрдө сүт 35 сом турса, азыр 65 сом. “Султан чайын” алалы, мурун 25 сом болчу, азыр 50 сом. Уй союп этин бөлүп эсептегенде 350 сом болсо, базарда 600 сом турат. Ортомчулардын эле заманы болуп атат да. Мындай кымбатчылыкка туруштук берүүгө элдин алы келбей калды. Айылдагы ата-эне студент балдарынын батир ижарасын кантип төлөйт? Бул багытта ойлоно турган кадамдар керек. Кызмат көрсөтүү акысы трактор менен жер айдоодо 5000 сомдон жогору, күйүүчү май да кымбаттады. Мындан улам өкмөттүн көпчүлүк иши пиар, мактаныч сыяктуу таасир калтырат. Жакшы жагы да болуп атат, бирок элдин жашоосу оорлошкону – бул реалдуулук.
Качкын Булатов, укук коргоочу:
-- Көп эле адамдар Акылбек Жапаровдун отчётуна ынанып эле жатышат. Ошон үчүн бир да депутат каршы чыккан жок да. Алтургай элдин көпчүлүгү өнүгүп-өсүп жатканыбызга ишенип эле отурушат. Анткени, мектептер салынып, имараттар курулуп, айлык акылар жогорулап жатканы сокур кишиге деле байкалып жатат да. Өкмөттүн иши илгерилеп, бюджеттин көбөйгөнүнөн, канчалаган техниканын алынып жатканынан байкасак болот. Ипотекага үйлөр салынууда. Жашоо турмуш акырындык менен оңолуп жатат.
Илгери кул базарда көп киши турчу эле, азыр ал базар жоюлуп калды. Жумуш орундар түзүлдү. Айдоочулар табылбай баштады. “Таштанды полигонуна иштесең, айына 100 миң сом айлык берилет” десе дагы, иштегендер табылбай жатат. Мисалы, тигүү фабрикалары пайда болду. Мунун баары иш орундары түзүлүп, жашоо оңоло баштаганы эмеспи. Мына ушул иштер жасалбаса, мен да “өзгөрүү болгон жок” дейт элем. Муну жамандап кетирип алсак, ордуна иштей албаган адам келип калса кантебиз? Аны ойлобой эле Акылбек Жапаровдун ордун ээлеп калууга бийликтин ичиндеги сасыткылар аракет кылып, кызматтан кетирүүнү көздөп жатышат. Алтургай “асып таштайбыз” дегендер дагы бар. Бул туура эмес. Иштин көзүн тапкан адамды иштетиш керек.