Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Төрөбаев саясаттан куудулдукка кеткени калды окшойт

Бакыт Төрөбаев саясаттан куудулдукка кеткени калды окшойт

06-ноябрь, 23:01
805 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Түнү-күнү мамлекет, эл жөнүндө ойлоном” деп ырдаган “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевге карата коомчулукта сын-пикир күчөп баратат. Улам ойдо жок билдирүүлөрү менен элди ишендирүүгө далалат кылганы, көпчүлүктүн кыжырдануусун сезбегени таңгалдырууда. Партиясы өтпөй каларын билген Төрөбаев ар кайсы жактан “тешик” аңдып, “жең ичинен” бийликке кошомат кылып, жабыша баштаптыр. Бирок, 2017-жылы президенттик шайлоо астында Бабанов менен бириккен Бакыттын “балп” этмелерин эске салсак, анда баары теңирден тескери айланбайбы? “Мен премьер-министр болуп калсам, бизнесин да, башкасын дагы кылабыз... Курманбек Салиевичти Оштон Сооронбайлар кууп чыккан...” деп балдырап, өч алууга шымаланып турганы жалган беле? “Койнунда котур ташы бар” мындай эргул эл астында кооз сүйлөмүш этип, иш жүзүндө көздөгөнү башка болуп атса кантебиз? Кызыгы, Төрөбаевдин олуттуу болумушу куудулдардын жүрүшүнө окшошуп, саясаттан сахна жылдызына айланганы калды окшойт. Калың катмар мунун айткандарын тамаша сыяктуу көрө баштаганы жөн жерден эмес го? Аттиң, жаш туруп ишенимден чыга баштаганын карачы?!


Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер