» Коом » Голливуд жылдызы Том Круз карантинге алынганы чындык
Голливуд жылдызы Том Круз карантинге алынганы чындык
02-март, 17:39
464 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Коронавирусту пайдаланып, пиар жасаган маалымат булактары пайда болгону, эл кайсы маалымат чын, кайсы маалымат жалган экенин биле албай башы маң. Буга чейин “дүйнө жылдызы Жеки Чан коркунучтуу вируска шектелип, карантинге алынды” деген маалымат тарап, бирок, ал чындыкка дал келбестигин актёр билдирген. Аздан соң дагы бир дүйнө жылдызынын карантинге алынганы айтылды. Тилекке каршы, голливуд жылдызы Том Круздун карантинге алынгандыгы чын. Бул тууралуу "Paramount Pictures" студиясы расмий билдирүү таратышты. Билдирүүгө ылайык, дүйнө жылдызы кесиптештери менен бирге Венециянын эң алдыңкы отелдеринин биринде карантинде. Алар "Аткарылбас миссия" тасмасынын 7-бөлүгүн тартуу иштери жүрүп жатканда ишти күтүүсүздөн токтотушкан. Бул боюнча “Фабула kg” жазып чыкты.