Эгер экинчи аялы болуп тийсем, кийин өкүнүп калбаймынбы?


Москвада беш жылдан бери иштейм. Жолдошум менен ажырашып кеткениме бир топ жыл болду, төрт баламды өзүм жалгыз багып чоңойттум. Балдарым деп жашап жүрүп, өзүмдү унутуп коюптурмун. Бир күнү TikTokтон бейтааныш жигит менен таанышып калдым. Алгач жөн эле сүйлөшүү болчу, бирок бара-бара жүрөгүм жылып, сүйүп калыптырмын. Эч жолуккан эмеспиз, болгону видео аркылуу гана сүйлөшчүбүз.
Бир күнү ал Кыргызстанга кетти. Кеткен күнү жалгызсырап ыйладым. Көрсө, сүйүп калыптырмын. Бирок анын аялы бар экенин билдим. Ал чалганда кайра сүйлөшө берем, өзүмдү токтото албайм. Ал “сен өзгөчө аялсың, экөөңөр менен жашайм” дейт. Мен болсо “бүтүн наныңды жарты кылба, аялынды таштаба” дейм.
Эгер экинчи аялы болуп тийсем, кийин өкүнүп калбаймынбы?.. Ал болсо “макул десең, ата-энеңе жуучу жиберем” деп жатат. Кандай кылсам туура болот?
Сезим
"Азия Ньюс" гезити











