Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сокенин кылмыштарынын жанында Атамбаев апакай көрүнүп калабы?

Сокенин кылмыштарынын жанында Атамбаев апакай көрүнүп калабы?

28-сентябрь, 13:49
2 056 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азырынча Сооронбай Жээнбеков Кумтөр иши боюнча УКМКга эки ирет сурак берип чыкканы белгилүү. Айрым билермандар үчүнчү жолкусунда камаларын айтышууда. “Центерраны” Нью-Йорк сотунан жыгуу үчүн Кумтөрдөгү коррупцияга кыргыз чиновниктеринин үлкөндөрү катышканы айгинелениши керек. Иш жүзүндө былыктары чыгып, президенттер, премьер-министрлер айыпталууда. Кылмыш иштери козголуп, канчасы чекесинен камалууда? Улам биринин кезеги келүүдө...

Негизи Сооронбай Жээнбеков Кой-Таш каргашасын жаратканы, УКМК, ИИМ аскерлерин саясый ишке аралаштырып, Алмазбек Атамбаевдин жакшылыгына жамандык жасап, үйүн талкалатып, элди аттырганы кечиримсиз. Мейли, эки дос бири-бирин “жей берсин”, бирок ортодон жүздөгөн адамдар ар кандай жаракаттарды алышты да. Бир офицер окко учту. 

Былтыркы коронавирус апаатынын астында Сооронбай Жээнбеков кайдыгер карап, миңден ашык жарандарыбызды кырдырып жибергенине жооп береби? Жазында эки ай элди карантинге жаап, каржалтып салганы айгине. “Көпчүлүк митингге чыкпасын” деген шылтоону таап, коркоктонуп. Ал эми саламаттык сактоо министрине улам бир тажрыйбасыз кадрды апкеле берип, иштин көзүн билбей атып, аягы өкмөтү менен туңгуюкка кабылган. Пандемиядан элибиз кайгыга батып, ден соолуктарынан ажырашып, жакырчылыкка кабылышты. Дал ошонун кесепетин азыркыга чейин көрүп атабыз. Экономикалык-социалдык кризис 2020-жылдан бери кескин түрдө курчуп кеткен...

Өткөн күздөгү парламенттик шайлоодо административдик ресурс, добуш сатып алуу ашынып, бийликчил партиялар алдыга чыгышты. Соке креслосун сактап калуу үчүн канчалык жандалбастаса да, тилеги ташкапты. Адилетсиз ордону орнотуу, кайрадан “чимкирик-какырыктарды” Жогорку Кеңешке апкелүү амалы ишке ашпай, оңкосунан түштү. Октябрь төңкөрүшүндө Кашкар Жунушалиевге элди аттырып, жүздөгөн адамдарды майып кылышты. Үмүтбекти өлтүрүштү. Бул боюнча убагы келгенде “үйүр тобу” менен оор жазага тартылары шексиз. 

Сооронбай Жээнбеков үч жылдык мамлекетти башкаруусунда бузулду. Командасы менен рейдерлик баскынчылыктарды жасаганы, коррупцияга аралашканы далилденди го? Натыйжада, бир тобуна кылмыш иштери козголду. Премьер-министри, аппараты, министрлерине, депутаттарына чейин камалышты. А өзү таптазабы? Балээнин баары бугуп жатат да, туурабы? Негизи уурулук, алдым-жуттумдук, баскынчылык жагынан да жооп береби?

Кыскасы, кыңыр иштерин тизмектей берсек арбын. Мезгил келатат, эл астында көп суроо коюлат, какайт го чиркин! Сокенин кылмыштарынын жанында Атамбаев апакай көрүнүп калабы?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер