Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Жогорку Кеңештин депутаттары зомбулукка каршы акцияга катышты
Жогорку Кеңештин депутаттары зомбулукка каршы акцияга катышты
07-декабрь, 19:20

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган депутаттар тобу “Биздин добуш” коомдук фонду менен бирге 16 күндүк зордук-зомбулукка каршы уюштурулган акцияга катышышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев акциянын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.
«Тилекке каршы, учурда балдарга жана аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук учурлары көп кездешүүдө. Мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн жалпы эл аракет кылуусу керек. Коомду, жаштарды аң-сезимдүү жашоо образына тартууда ушундай иш-чаралардын өтүп туруусу абдан маанилүү. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан зордук-зомбулукка каршы мыйзамдар сунушталып, зөөкүрлүккө жазалар күчөтүлгөн. Азыр зомбулук жасаган кылмышкер 17 жылдан өмүр бою эркинен ажыратылат» деди Нурланбек Азыгалиев.