Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурсултан Медеткулов, ишкер: “IT тармагында иштеген жаштар Ташкул Керексизовдун эмгектерине таасирлендик”

Нурсултан Медеткулов, ишкер: “IT тармагында иштеген жаштар Ташкул Керексизовдун эмгектерине таасирлендик”

04-июнь, 22:57
1 622 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ак менен кара сыяктуу элибиздин башын жер караткан дагы, өз эмгектери менен кубандырган, сыймыктандырган дагы мыкты уулдары бар. Ошондой таланттуу, эмгекчил, жарыгын чачкан уулдардын бири Нурсултан Медеткулов  IT тармагында ийгиликтүү иш алып барган, Кыргызстандагы  төбөсү көрүнгөн ютуберлердин бири.

-- Нурсултан, Ташкул Керексизов агай менен ITишник жаштардын жолугушуусун көрүп ичим жылыды. Ал адамдын рухий дүйнөсүнөн кандай таасир алдың, кандай пикирде калдың? 

-- Ташкул Керексизов агай менен биринчи жолугуштук. IT тармагында иштеген бир инибиз ал жолугушууну уюштурган. Ташкул байкенин үйүндө болуп, ал адамдын кеменгерлигине абдан таасирлендик. Үйүндө ар бир баскан кадамыбыз, ар бир жасалгалоосу – баардыгы байыркы кыргыз жыттанып, “кыргыз” деген сөздү баса белгилеп, мекенчилдик сезимди жандандырып турат экен. Анүстүнө Ташкул агабыз өзү дагы Нурсултан Назарбаев, Б.Ельцин ж.б. даражалуу адамдар менен иш алып барып, жолугушуп, аралашып жүргөн, рухий дүйнөсү, көрөңгөсү бай адам экен. Андай адам менен таасирленбесе болбойт го. Ташкул аганын “Кыргыз айылы” деген жакшы долбоору кубандырды. Бул долбоор ишке ашса, сыймыктанчу иш жаралып каларына ынандык. Сонун кеңештерин айтып, жакшы баарлашуу болду. 

-- Өзүңдүн чыгармачылыгыңда, ютуб каналдарыңда, изденүүлөрүңдө  кандай жаңылыктар бар?

-- Өзүбүздүн ютуб каналдарыбызда жаңы жылдан тарта балдар контенти төмөндөп кетти. Ага байланыштуу биз бул контент менен иштөөнү убактылуу токтотуп турабыз. Азыр жаңы тематиканы тандоо, изденүү үстүндөбүз. Бир-эки өспүрүмдөр каналын органика трафикке чыгарып, кирешеси жаңыдан боло баштады. 

-- Кыргызстандагы IT тармагы, бул тармактагы жаштардын деңгээли, ютуб каналдар тууралуу кандай пикирдесиң?

-- Кыргызстанда IT тармагы өнүгүп жатат. Бул тармакка кызыккан жаштар дагы күн санап көбөйүүдө. “Буюрса, дүйнөнүн эң алдыңкы компаниялары болуп, биздин жаштар чыгышса экен” деген тилектебиз. Ютуб ITнин ичиндеги продакшн жагы болуп кетеби (?) деп ойлойм. 

Кыргызстандын ютуберлери балдар контенти боюнча дүйнөнүн эң алдыңкы каналдарынын катарына кирет. Азыр дагы изденип иштеп жатышат. Биз өзүбүз өспүрүмдөр контентине өтүп, кирешелүү тармакты өздөштүргөнгө аракет жасап жүрөбүз. 

-- Баштап, бирок иш алып кете албай жүргөн ютуберлерге кандай кеңештериң бар?

-- Ар бир иште талыкпаган эмгек, изденүү керек. Биз дагы катталуучу көбөйтө албай, алдыңкы ютуб каналдарга комментарий жазып, бизге катталууну суранып, аябай аракет кылганбыз. Ютубда биринчи трафик көп болгон тармакты тандаш керек. Ошол тематикадагы видеолорду жасап, анан кийин сиздин тематикаңыздагы күчтүү каналдар менен сүйлөшүп, аларга акча төлөп, же жардам алып, катталуучу көбөйтсө болот. Же ар кандай темадагы платформалар бар. Адам кайсы тармакта иш алып барса, күн санап ал ишке карата тажрыйбасы көбөйүп, улам көзү ачыла берет. 

-- Ютуб каналдарга элдин табити кандай? Кай тарапка көп басым жасашат? 

-- Бизде Кыргызстан үчүн контент жасалбай жатат. “Бумеранг” деген сериалды тартып, бир канча долбоорлорду жасап көргөнбүз. Кыргызстан боюнча ютубда киреше төмөн, көрүүчүлөр аз болгондуктан, азырынча дүйнөгө эле иштегенге аракет кылып, трафиги, көрүүчүсү көбүрөөктөрдү издөөдөбүз. Көрүүчүлөрү бүтүндөй дүйнө жүзү боло турган контентти өздөштүрүп, жасаган долбоорлорубузду кыргызчалап ачканга аракет кылуудабыз. Азырынча орус, англис, испан жана арабча которуп, көрүүчүлөр көп болгон контентке басым жасоо менен алекпиз. 

-- Карантин убагында, андан кийинки кризисте эмне кыларын билбей депрессияга учураган жаштарга кандай кеңештериң бар?

-- Менимче, депрессияга кирбегенге аракет кылыш керек. Эгер андай жагдайга учураса, биринчиден, китеп окуш керек, экинчиден, изденип, үйдө отуруп эмне иш кылса, ийгилик жаратса болорун тапса болот. Мисалы, биз карантинде беш-алты ютубер балдар өз ишибизди үйдөн жасап, кайра чогултуп, тынбай эле иштеп жаттык. Бул биз үчүн жаңы практика болду. Буюрса бул практиканы колдонууну улантып, долбоорлорубузду иштесек болобу (?) деген ой-пикир келип жатат. 

Мисалы, чыгармачыл адамдар статья жазабы же видео тартабы, сүрөтчүбү, саймачыбы, көп көрүүчү алып келе турган жакка басым жасап, ага жарнама коюп, монетизация жолдорун издесе болот. Же болбосо фриланс сайттарга кирип, колуңуздардан келген ишти кылып көрсөңүздөр. Же программаларды үйрөнүп, ал программаларды сатып изденсе болот. Карантин дагы адам өзгөрүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк түзүп берди. 

-- Акыркы окуган китептериңе токтолсоң?

-- Акыркы ирет сценарий жана режиссердук иш тууралуу китептерди окудум. Аудио китептерди укканга аракет кылам. Мисалы, “Почему одни страны богатые, а другие бедные?” деген китепти уктум. Алып барып жаткан ишиме байланыштуу тармактык жана көркөм китептерди окуп турганга убакыт табууга аракеттенем.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер