Гүлгакы Мамасалиева: “Баткенде “болгон окуялар кайталанып кетет” деген коркунуч күч”
-- Баткен облусундагы болуп өткөн окуялар боюнча байкоо жүргүздүңүздөр. Андагы жагдайлар тууралуу айтсаңыз?
-- Учурда Баткенде калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик менен катар эл аралык жана коомдук уюмдар тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө. Негизинен документтерди калыбына келтирүү иштери аяктады. Ал эми элге психологиялык жардам көрсөтүү боюнча иштер байма-бай жүрүп атат. Анткен менен бул жааттагы адистердин саны аз болууда. Эл арасында “болгон окуялар кайрадан кайталанып кетет” деген сезим калган. Так маалыматтын жетишсиздигинен да бүдөмүк ойлор орун алууда.
-- Курулуп жаткан үйлөрдө да кандайдыр бир кемчиликтер бар экени жөнүндө билдирдиңиз эле. Аларга токтолсоңуз?
-- Бийлик тараптан сунушталган фин тибиндеги үйлөргө нааразычылык болгон. Анткени чек аранын жанында андай үйлөрдүн курулушу канчалык деңгээлде коопсуз болушу мүмкүн? Аларга ок атылса, өрттөлсө кандай болот эле? Элдин ичиндеги ушул сымал нааразычылыктардан улам жана сел алуу коркунучу болгондуктан, ал үйлөрдүн фундаменти 25 сантиметрден 50 сантиметрге көтөрүлдү. Азыр биринчи үй курулууда. Ал бүткөндө сапатын баалайбыз.
-- Эгер андагы көпчүлүк адамдар коопсуз аймактарга көчүп кетүүнү кааласа, келечекте чек арага жакын аймактагы абал кандай болушу мүмкүн?
-- Көчүп кетүүнү каалагандардын 20-30 пайызын жалгыз бой энелер, үй-бүлө мүчөсүнүн бирөөсү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар түзөт. Эгер жаңжал чыгып кетсе, алар үчүн качуу кыйын болот экен. Ошондуктан элге жеткиликтүү шарт түзүп берип, көбүрөөк көңүл буруу абдан маанилүү. Ал жердеги ар бир жаранга аяр мамиле жасап, сунуштарын жөн эле угуп койбой, аткарышса жакшы болмок.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити