Кемпир-Абад боюнча камакка алынгандардын жакындары эмне дешет?

Эки айга камакка алынгандардын арасында саясатчылар, журналисттер, активисттер бар. Биз алардын жакындарынан ар жума сайын пикир алып, гезит бетине чагылдырып турмакчыбыз. Бул саам Айбек Бузурманкуловдун келинчеги Толгонай Солтонова, укук коргоочу Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай жана Жеңиш Молдокматовдун жубайы Канышай Жумалиевалардын сөздөрүн угуп көрдүк.
Толгонай Солтонова, Айбек Бузурманкуловдун келинчеги:
-- Жолдошум Айбекке коюлган айып туура эмес деп эсептейм. КР мыйзамдарына каршы эч бир жаман иштерге барбаса да камакка алып атышат. Тергөө иштеринин жүрүшүндө да мыйзамга ылайыксыз жат көрүнүштөр Айбек тарабынан катталбаган. Айбек эч бир кылмыштуу иштерге барбаган жана эч жакка качкан эмес. Буга чейин соттолбогон. Эли, жери үчүн күйгөн патриотторду камай берсе, анда кандай болуп калат? Албетте, бул боюнча жактоочулар иш алып барууда. Бир нерсени баса көрсөтүп айтып кетейин, биздин үйдө жалгыз жолдошум иштейт. Балдарыбыз жаш, мен да балдарды карап үйдөмүн. Адамдык фактор, гумандуу жактар эске алынып, үй камагына чыгарып коюп деле сурак жүргүзүшсө болмок. Абдан коркунучтуу кылмышкерди кармап алгандай мамиле кылгандарына түшүнө албай турам.
Касиет Мамырбай, укук коргоочу Рита Карасартованын кызы:
-- Апам Рита Карасартованы 278-берене менен эки айга камакка алышты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бул беренеде “Бийликти күч менен басып алуу” деп жазылып турат. Мага таңгалычтуусу, кылмыш иши 18-октябрь күнү козголгон, а бу адамдар 22-октябрь күнү чогулган. Демек, Кемпир-Абад жөнүндө сүйлөбөй ооздорун жаап туруу айласын көрүп атышат. “Башаламандыкка чакыруу, күч колдонуу менен бийликти басып алуу” деген таризде болуп атат го? Өздөрү койгон айыбында айтып атат “чакырык жасады” деп. Биринчиден, ал жерде чакырык болгон жок. Экинчиден, бийликти басып алуу аракети жөнүндө сөз да айтылган эмес. Үч уктаса түшүндө андай ойлору жок эле. Коюлган оор берене дал келбейт. Мындай берене менен үй камагына чыгарбайт, баш коргоо чаралары көрүлбөйт. Атайын ушундай берене тандалган. Кыскасы, булардын баарын отургузуп, Кемпир-Абад маселеси чечилмейинче ооздорун жаап туруу керек. Башка эч нерсе айта албайм.
Канышай Жумалиева, Жеңиш Молдокматовдун жубайы:
-- Жолдошум Жеңиштен жактоочу аркылуу эле билип, кабар алып турам. Учурда абалы жакшы, чыйрак. Канча кыйынчылык болсо деле биз кыргыздар “баары жакшы” дейбиз да. Кудайга шүгүр. Мындан да оор, кыйын күндөрү Жеңиш эч майтарылган эмес. Жерибиз үчүн бекем туруу кылмыш эмес экенин баарыбыз билебиз. Ал колуна курал алып, же элди дүрбөлөңгө салып, “бул бийлик кетсин!” деген сөз оозунан чыкпаган кыргыздын патриот жигиттеринин бири!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити