Төрөхан Жунусбеков: “Мен үчүн “Мегакомдо” иштөө чоң сыймык”
-- Сиз “Мегаком” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп кыйноо менен дайындалганыңыз социалдык тармактарда жайылды. Өз оозуңуздан пикир уксак?
-- Бул маалыматтардын баары жалган. Жалган маалыматтарды таратып жатышат. Бул адамдарга биз мэриядан каршы пикир билдирип кууп чыкканбыз. Жалган маалыматты атайын уюштуруп таратып жатышат. Менин жашоомдо өлкө үчүн, мекен үчүн маанилүү кызмат кылуу маселеси бир нече жолу козголгон. Бул жолу алдыда боло турган иштер өлкө үчүн жана жеке мен үчүн чындыгында маанилүү болуп калды окшойт.
Өз өлкөмдүн мекенчили катары, мен ар дайым аймактардын мамлекеттик кызматтарга жана санарип технологияларга жеткиликтүүлүгү жөнүндө суроолорду берип келем, бюрократиялык кырдаалды сапаттуу өзгөртүп, карапайым калктын жашоосун жеңилдетип, убакытын үнөмдөөсүн көздөйм.
“Кеңешчи болуп бер” деген сунушу үчүн жана ишеними үчүн Акылбек Жекшеновичке терең ыраазычылыгымды билдирем. Мен мындай уюмда болгонумду жоопкерчилик менен кабыл алдым, сунушту туура көрдүм. “Мегакомдо” – жалгыз атамекендик компанияда иштөө мен үчүн чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик. Улуттук масштабдагы жооптуу миссияны аткарууга, тактап айтканда, инфраструктураны түзүүгө жана өлкөдө санариптик саясатты жайылтууга багытталган, жетекчиликтин алдында мага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга даярмын жана толук аракет кылам деп баардыгыңыздарды ишендиргим келет!
"Азия Ньюс" гезити