Акыркы кабарлар
» Саясат » Оролбек Акпаровдун ордуна Азамат Исраиловдун чуркаганы каңкууланды
Оролбек Акпаровдун ордуна Азамат Исраиловдун чуркаганы каңкууланды
21-март, 22:37
493 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌ИИМдин күзөт кызматынын жетекчилигине Оролбек Акпаровдун барганына аз эле убакыт болду. Азырынча иштеп атат, баа берүүгө дагы убакыт бар. Ооба, бул жагынан оркойгон маселе жаралбаса, эмнеге кызматына көз арткандар чыгууда? Маселен, Азамат Исраилов башкы ГАИшник катары иштей албай, орун басары коррупцияга айыпталып, чоң жаңжал чыкты. Бул окуядан кийин тынч эле жүрө бербей, тымызын түрдө авалардын астынан өтүп, “Оролбектин ордун алып бергилечи?” деп суранып жүргөнү каңкууланды. Жердешчиликке, тууганчылыкка салуу менен мамлекеттик кызматтарды качанкыга чейин “майкандайбыз”? Ооба, ИИМ жетекчилиги мындай өзүм билемдик аракеттерге жол бербесе керек.
"Азия Ньюс" гезити