Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медер Бишкек: “Бул дыйкан Бишбектин эстелиги, баатыр Бишкекке тийешеси жок”

Медер Бишкек: “Бул дыйкан Бишбектин эстелиги, баатыр Бишкекке тийешеси жок”

20-апрель, 16:07
1 157 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чыгыш медицинасы боюнча адис, тарых изилдөөчү, Бишкек баатырдын 9-урпагы менен маек.

-- Баш калаабызга Бишкек баатырдын эстелиги тургузулду. Анын урпагы катары ой-пикириңизди билдире кетсеңиз?

-- Мен Ысык-Көл тарапка жөнөп жаттым эле, бир тааныш агам айтып калды “саат 10:00дө Бишкек баатырдын эстелигин тургузуп жатышат деп. Дароо жолдон кайрылып келип, салтанаттын аягында келип калдым. Бишкек баатыр Кенен уулу деп жазышыптыр эстеликтин астына. Бул дыйкан Бишбектин эстелиги экен. Баатыр Бишкекке тийешеси жок. Мен түшүнбөй калдым, ачылышында сүйлөгөн окумуштуулардын айтуусуна караганда, борбор шаарыбыз дал ушул дыйкан Бишбектин атынан коюлуптур. Мындай кадамдарга барсак, кыргыз элине гана эмес, бүтүндөй башка элдерге да шылдың болуп, маскарапоз көрүнүп калабыз го? Жүз пайыз саясый иштер экени билинип турат. Илгери Жамиля Сарманова (Жамиля эженин атасы Сарман Алимбеков – дыйкан Бишбектин 6-урпагы) эже, Темир Сариев, Туратбек Мадылбековдор болушуп Бишкек баатырдын 300 жылдыгын өткөрүшкөн. Эми тарых илимдеринин кандидаты Дөөлөтбек Сапаралиев агабыздын изилдеп, иликтеп чыккан китебинде солто уруусунан чыккан Бишбек баатырдын 1758-жылы туулганын далилдептир. Ошондо солто уруусунан чыккан баатырга 300 жыл эмес 259 жыл болуп калды. Муну кандай түшүнсөк болот? 1758-жылы туулган Бишбек баатыр 1850-жылы дүйнөдөн өтүптүр. Бул мезгилде кыргыз-жунгар согушу токтогон. Эстеликке ээ болгон киши чындап эле дыйкан адам болуп, эч ким менен эч жерде согушкан эмес. Биздин атабыз Бишкек баатыр Аксы өрөөнүнөн чыгып, үлкөн армия куруп, кыргыз жерлерин ойрот баскынчыларынан бошотуп, жунгар (калмак) баскынчыларын толук талкалаган... Айтор, уруучулуктун деңгээлинен алыс болсок жакшы болор эле. Көп жылдардан бери эле Бишкек баатырды талашып келебиз. 

Биздин атабыз Эркөбөк уулу Бишкек баатыр 1700-жылы туулуп, 1755-57-жылдары жашап өткөн, кыргыз армиясынын колбашчысы болгон. 1719-жылдан баштап чоң согуштарга катышып, өмүрүнүн аягына чейин жунгарлар менен согушкан. Цеван-Рабдан (1797-1727), Галдан Церен (1727-1745), Цеван-Доржи (1745-1749) Лама-Доржи (1749-1753), Дабачи (1753-,1755), Амурсан (1755-1757) сыяктуу жунгар баскынчыларынын хандары жана хунтайчилери менен кармашканы тарыхый булактарда бар.

-- Сиздин саруу версиясында кандай китептерди мисал кылсак болот?

-- Папан Дүйшөнбаевдин Баатыр Бишкекпи же дыйкан Бишбекпи?” аттуу китебинде толук изилденген фактылар бар, Аксыдан чыккан баатыр Бишкек жана солто уруусундагы дыйкан Бишбек тууралуу. Андан сырткары, төкмө акын Шекербек Адыловдун Бишкек баатыр дастанында саруу уруусунан чыккан Бишкек баатыр тууралуу кеңири берилген. Гуглга кирсеңиз деле болот, википедиясында фундаменталдуу материалдар чыгат. 

-- Сиз көп жылдардан бери Бишкек баатыр тууралуу изилдеп жүрөсүз, саруу жана солто урууларындагы дагы кандай айырмачылыктарды таба алдыңыз?

-- Сокулук районунун Түз айылындагы версия дыйкан Бишбекке туура келерин солто уруусундагы маркум Сарман Алимбеков аксакалдан сурагам. Мени менен чогуу тарых боюнча улуттук каналдан телекөрсөтүү алып барган Султан Абдрахманов, Кыргыз эл сүрөтчүсү Асан Турсункулов, оператор, кинорежиссер Рустам Аташов болуп 2003-жылы барып, биз видеого тартып, сүйлөтүп алганбыз. Сарман ава өздөрүнүн Бишбек атасынын ким менен согушканын айта албайал чоң багбан жана белгилүү дыйкан болгонун баса белгилеген.

 Саруу уруусуна тийешелүү версиясына – Аксы, Ысыкөлдүн Саруу айылы, Талас, Нарындын Акалаа, Жумгал районунун Кызарт айылындагы жана казак, өзбек, орус тарыхчыларынын жазуулары туура келет. 

-- Кыргыз тарыхчыларына кандай сунуш кылар элеңиз?

-- Бишкек баатыр саруулар үчүн гана согушкан эмес, ал бүтүндөй кыргыз эли, жери үчүн согушкан инсан болгон. Ал фарс, чагатай, араб тилдеринде да кеңири сүйлөгөн билимдүү жоокер башчы болгону тууралуу Шекербек Адыловдун китебинде кеңири берилген. 

Мен каршы эмесмин, дыйкан Бишбек тууралуу эстелик тургузушканына. Бирок, борбор шаарыбыздын наамына дыйкандын атын ыйгаруу туура келбей калат го?.. Анык эмгеги сиңген адамдын, болгондо да кыргыз аскерлеринин колбашчысынын Бишкек баатырдын ысымынан аталып келген тарыхый окуяны бурмалоо – ыйманга да, интеллектке да туура келбейт. 

-- Бишкек баатырдын эстелигинин ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын президенти да келип сөз сүйлөп кеткенине кандай карайсыз?

-- Мындан алты жыл мурда 2015-жылы президентибиз Садыр Жапаровдун атасы, маркум Нургожо аксакалды кытай медицинасы акупрессура ыкмасы менен дарылап, таанышып калдык. Ал өзү да санжырачы, тарыхты да изилдеген инсан эле. Нургожо аксакал Бишкек баатырдын Аксы тараптан келгенин билем, ал саруудан чыккан баатыр деп айткан. Ошондой эле ал мага өзүнүн кыргыз санжыралары тууралуу жазган китебин да белек кылган. Менимче, биздин китеп президентибиздин колуна тийген эмес го. Болбосо, саруудан чыккан Эркөбөк уулу Бишкек баатыр тууралуу да айта кетмек. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер