Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күрүч аркылуу организмди кантип тазаласа болот?

Күрүч аркылуу организмди кантип тазаласа болот?

17-февраль, 19:12
5 780 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адамдын бүт организминин активдүүлүгү негизинен ашказан жана ичегилердин иштеши менен тыгыз байланыштуу. Ашказан менен ичеги зыяндуу, катып калган шлактар менен капталганда, тамак сиңирүү кыйын болуп, башка ооруларды пайда кылат. Убакыттын өтүшү менен бул абал ашказан ооруларынын өрчүшүнө, жыныстык алсыздыкка, муундардагы ооруга, зыяндуу туздардын топтолушуна, бөйрөк жана боордун иштешине жана башка көптөгөн көйгөйлөрдүн өрчүшүнө алып келет.

Эгер бул көйгөй чечилсе, тамак сиңирүү иштери кайрадан калыбына келип, зыяндуу заттар, маселен, холестерин, таштар жана туздар сыяктуу зыяндуу заттарды акырындык менен жок кыла алат. Бул өз кезегинде муун оорулары, ашыкча салмак, боор жана бөйрөктөгү кемчиликтер, импотенция сыяктуу оорулардын жоголушуна себеп болот.

Күрүчтү колдонуп, ашказандагы жана ичегилердеги шлактарды жоготуп, бүт денебизди тазалоого жетише алабыз.

Күрүчтү даярдоо.

Эгерде таба алсаңыз тазаланбаган (кол) күрүч, таба албасаңыз жакшы бышкан күрүчтөн аласыз. Эки аш кашык күрүчтү түндөсү жибитип коёсуз (жок дегенде таң атканча турушу керек). Эртең менен жибиген күрүчтү жууп салып, 200 мл. суу менен беш мүнөт кайнатасыз. Андан кийин сууну төгүп, дагы беш мүнөт 200 мл. таза суу менен кайнатасыз. Ошентип, үч жолу кайнатып, суусун төгөсүз, төртүнчү жолу бир аз суу менен бышканга чейин кайнатасыз.

Кайнатылган күрүчтүн суусун анын курамындагы крахмал чыгып кетиш үчүн төгөбүз. Ошондо гана күрүч ашказан жана ичегилердеги ашыкча зыяндуу заттарды щётка сыяктуу тазалап кетет. Бул күрүчкө туз, шекер, май жана башка нерселерди кошпош керек.

Даяр болгон күрүчтү тамак аркылуу өткөрүү кыйын жана даамсыз болот. Бирок, жашоодо ар кандай кыйынчылыктын пайдасы чоң болот эмеспи. Ошол себептен жакшы натыйжаларга жеткиңиз келсе, күрүчтү жеш үчүн өзүңүздү мажбур кылышыңыз керек. Тамагыңыздан өтүү канчалык кыйын болсо, ичегилерден өтүшү да ошончолук кыйын болот, ошентип ичегилерди жакшылап тазалайт.

Эртең менен ойгонгондо эч нерсе жебестенкүрүчтүн өзүн ачкарын жейсиз, андан кийин жок дегенде үч саат эч нерсе жеп-ичпейсиз. Ошондо гана жакшы  натыйжага жетишсе болот. Ачка болсоңуз дагы сабыр кылып, эч нерсе жебеңиз.

Дагы да пайдалуурак болуш үчүн дарылануу учурунда майлуу тамактарды, таттууларды жана башка былжырлуу азыктарды жебеш керек. Себеби, бул азыктар шлактардын ашказанга жана ичеги-карын дубалдарына жабышып, катып калуусуна көбүрөөк себеп болот. Муну жумшартуу үчүн алардан убактылуу баш тартуу талап кылынат. 

Бул дарылоонун эч кандай терс таасири жок. Дарылоону кеминде жыйырма күнгө чейин улантыш керек, эгер көбүрөөк пайда көргүңүз келсе 30 күн. Эгерде бул тазалоо туура жүргүзүлсө, анда организм тазалангандан кийин алты ай бою өзүн-өзү тазалоону уланта берет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер