Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жергиликтүү швед гезити биздин булганыч аба тууралуу жазып чыкты

Жергиликтүү швед гезити биздин булганыч аба тууралуу жазып чыкты

31-январь, 23:57
716 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экономика, саясаттагы ал-акыбалды айтпай эле коёлу, биз дем алып жаткан абабызда да азап бар. Экономист Азамат Акенеев өз баракчасында Бишкек шаары абасы булганыч шаарлардын сап башында турарын жазып, төмөндөгүлөргө токтолгон.

“Бишкектиктер жана биздин мекенди сүйгөндөр  үчүн кайгылуу күн жана кайгылуу кабар! Анткени дүйнөлүк көрсөткүчтө абасы кир шаар боюнча биринчи орунду алганыбызды дүйнөлүк басма сөз жарыя кылып отурат. Бул тууралуу жергиликтүү швед гезити да маалымдап чыкты. Бишкектиктердин көпчүлүгү биле бербейт. Улам эски унааларды ташып келип колдонуу, жашылдандырылган токой, бак-дарактарды кесип жок кылуу кийинки муунга аянычтуу таасир берет. Көмүрдөн башка жага турган нерсебиз жок, айланабыздагы бак-дарактардын баарын кыркып, кесип, климатыбыздын өзгөрүшүнө өзгөчө көңүл бурбагандыктан абасы эң булганыч шаарлардын сап башында турабыз.

Урматтуу кыргыз эли! Шведдерди жана бүтүндөй дүйнө элин биздин эң булганыч абабыз эмес, кристаллдай таза абабыз тууралуу суктандырып жаздыруу да биздин колубузда!” дейт. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер