Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сингапурдун билим берүү системасын кандайча үйрөнөбүз?

Сингапурдун билим берүү системасын кандайча үйрөнөбүз?

26-май, 21:40
949 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы убактагы кыргыз коомчулугундагы талкууга көңүл буралы. “Он эки жылдык билим алууга өтүү эртелик кылбайбы? Биз бул жолго толук даярдыксыз эле түшүп алдык, мындай демилге сөз жүзүндө эле калып, ишке ашпаган ондогон долбоордун катарын толуктабайбы?” деген божомолдор басымдуулук кылууда. Мындай кыйчалыш мамилени туудурган кыйын иштин башында турган мамлекеттик чиновниктер, билим берүүнүн окумуштуу-методисттери жана эксперттери чет элдик алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүп, үлгү тутууга чакырат. Биздин негизги таяна турган үлгүбүз Сингапур билим берүү системасы деп жарыялашты. 30 жыл аралыгында Азиянын эң алдыңкы кубаттуу мамлекетине айланган, күчтүү лидердин айланасында бир муштумдай биригип, жаратман жарандык мээнет менен коомдун баардык тарабында ийгилик жаратып, дүйнө жүзүнө үлгү болгон Сингапурдун тажрыйбасын кантип үйрөнүп, кандайча кыргыз кыртышында тамырлатып кете алабыз?

Билим берүүдөгү эл аралык эксперт Эң Пак Ти жазган: “Сингапур. Билим берүү системасы, парадокстордун күчү” китеби так ушул маселени ар тараптуу карап, талдап жана биздин реалдуулукка ылайык келген жыйынтык чыгарууга зор жардам берет деп ойлойм. Автордун өз эмгегин жыйынтыктап жатып жазган төмөнкү саптарын билим берүүнү реформалоо жаатындагы негизги маселе катары карообуз зарыл. “Реформа жөн эле кыйкырык, ураанбы же максатка ылайык аракетпи, аны жыйынтык көрсөтөт. Эгер биринчиси болсо, анда ал жакында табигый түрдө жок болот. Эгер экинчиси болсо, эл биригип, кийинки муун үчүн көкүрөгүн окко тосот. Сингапурдун тажрыйбасы кайсы гана өлкөдө болбосун, андагы негизги суроону берет. Ал чыныгы аракет, ниетпи?” деп адилет суроо койгон автор. Чынында биздин өлкөбүздө да билим берүүнүн бул реформасы чыныгы ниет болсо, элдин дээрлик катмары биригип, келечек муун үчүн баардыгын жасоосу зарыл. “Сингапурдун билим берүүсүндөгү негизги өзгөчөлүктөр кайсы?” деген суроого автор төмөнкүлөрдү белгилеп кеткен.

1. Сингапурдун ийгилиги – бул парадокстордун биримдиги, ошондуктан аны түшүнбөй туруп көчүрүп алууга болбойт. Ал системалуу өнүгүү баскычтарын басып өткөн.

2. Автор билим берүүдөгү 4 парадокс менен өнүгүүнү белгилейт.

а) убагында өзгөрүү жана түбөлүк туруктуулук;

б) меритократия жана кайрымдуулук;

в) борборлоштуруу жана алыстатуу;

г) аз окутуп, көп үйрөтүү.

3. Сингапурда айрым нерселер дайыма өзгөрүп турса, кээ бири такыр өзгөрбөгөн жер. Бир нерсе ийгилик алып келип жатканда, аны өзгөртүүгө кайраттуулук керек жана эмнени өзгөртпөө үчүн акылмандуулук маанилүү.

4. СББ (Сингапур билим берүүсү) теңдик маселесинде меритократия принцибин катуу карманып, артта калган окуучуларга баардык жагынан жардам бере тургандыгы белгилүү.

5. СББ системасын башкаруу үчүн борборлошкон, бирок ар бир окуучунун керегин эске алуу үчүн мектептин жеке муктаждыктарын канааттандыруу, мугалимдин окуучусу үчүн жоопкерчилигин күчөтүү максатында борбордон алыстатылып тең салмактуулук сакталат.

6. СББ системасынын максаты окуучулардын класста азыраак убакыт окутуп, жеке үйрөнүүгө көбүрөөк убакыт бөлүү деп белгиленген. Бул окуу процессинин “Аз окутуп, көп үйрөтүү” принцибине негизделген.

7. Бул системанын дагы ишке ашыра турган, умтула турган максаттарын билдирген 4 идеясы иштелип чыккан. Алар:

-- ар бир мектеп – мыкты мектеп;

-- ар бир окуучу – мыкты үйрөнүүчү;

-- ар бир мугалим – камкор агартуучу;

-- ар бир ата-эне – туруктуу колдогон өнөктөш.

Бул төртөө биригип СББ өнүгүү багытын билдирет. Сингапур СББда реформалоодогу чекиндүүлүгүн гана эмес, андагы парадокстук маселелерди узак мөөнөттүү иш-аракеттер менен чечүүдө өз кайраттуулугун көрсөтө алды. Билим берүүнүн абалы коомдогу баалуулуктардын жыйындысы, биздин жакшы жакка өзгөрүү аракетибиз так иштелген, мугалим менен окуучунун сый-урматка, ишенимге негизделген жаңылануу процессине ата-эненин, коомчулуктун жигердүү катышуусу Сингапурдун ийгиликтүү тажрыйбасы катары көрсөтүп турат.

Эми Сингапурдун билим берүү системасынын өнүгүү тарыхы менен Кыргызстандагы азыркы учурдагы абалды салыштырып көрөлү. Ал система 60-жылдардан баштап негизинен 3 этапты басып өткөнү белгилүү. Аларды билим берүү эксперттери – “стандартизация этабы”, “жергиликтүү жоопкерчилик этабы”, анан азыркы күнгө чейин созулган “ар түрдүүлүк жана инновация этабы” деп бөлүштүрүп келишет. 2000-жылы мурунку мектеп инспекциясы жоюлуп, ар бир мектеп өзүн-өзү баалоого өткөн. Атайын баалоо системасы менен жыл сайын жыйынтык чыгарган мектептин жетишкендиктерин атайын команда беш жыл сайын текшерип турат. Ошондой эле окуу методикасын окуучулардын кызыгууларына, өнөрүн өстүрүүгө багытталуу менен бирге жаш муундарды жашоого даярдай турган креативдүүлүк, инновация, маданий түшүнүк, чыдамкайлык сыяктуу жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган программалар 2015-жылга чейин эле кабыл алынганын көрөбүз. Алар жаштарды мектептен баштап өмүр бою билим алууга шарт түзгөн, убакытка карай жарышып өзгөрүп, өнүгүп келген кайраттуулук менен акылмандуулук айкалышкан ийкемдүү система экендигин байкайбыз. Кыргызстандын шартында биз Сингапур системасы басып өткөн жолдун башында экендигибиз, окуу шарты жана программалар, негизгиси аларды иштеп чыгуучу жаңы командалардын жигердүү иши байкалбагандыгы, билим берүүнү бийик даражага көтөрүп, анын ийгиликтери үчүн баардыгын жасоого, өнөктөш болууга даяр эместиги ачык көрүнөт. Эң негизги инвестор, албетте, мамлекет экендиги, Сингапурдун коргонуу министирлигинен кийинки финансылык чыгым билим берүүгө жумшалып, ал эч кандай кризис же тышкы карыздын убактылуу кыйынчылыктарына карабай тейленип тургандыгынан улам көрүнөт. Мугалимдерди каржылоо, моралдык жактан колдоо иштери да кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө билим берүүнүн өзөгү сапаттуу берилген сабактарга байланыштуу экендигин терең түшүнүүдөн келип чыккан ырааттуу иш-аракеттер катары бааласак болот. Анткени мугалим гана жигердүү билим берүүнүн локомотиви болуп, коомду алга жылдыруучу жаратман жана ийгиликтүү муунду калыптандыра алат. “Сингапур мугалимдердин карьералык өсүү жолдорун кеңейтип, кесиптик тармакта өсүүсүнө көп инвестиция жасайт. Аларга эмгек биржасынын атаандаштыгына туруштук бере ала турган татыктуу эмгек акы төлөйт. Мугалимдик кесип баркталып, баалануу үчүн баардыгын кылат” деп баса белгиленген (75-бет). Ал эми кыргыз билим берүүсүнүн реалдуу абалы тескерисинче, мугалим билим берүүнүн акыркы звеносунда калып, анын моралдык аброю, материалдык абалы да коомдук баалуулуктарынын эң төмөнкү деңгээлинде тургандыгы жашыруун эмес. Жылдап калыптанган мындай мамиледен улам өзүн да, агартуучу эмгегин да баалай билбеген, куржалак калган, жогору жактын көрсөтмөсү, буйругу менен гана импульсивдүү же “автопилоттук режимде” иштеген кызматкерди көрүп турабыз. Мугалим басмырлоого, материалдык жетишпестикке, жандүйнөнүн жакырдыгына, түгөнбөгөн иштердин айлампасына калып, рухий алсыздыктын абалында көп убакыт кармалып, анан кайрадан жаңыруу жолуна түшүүсү узак убакытты, ар тараптуу колдоону талап кылары талашсыз. Агартуучу баланын таанып билүү жөндөмүн, акыл-эсин гана эмес, адам катары коомдун салттуу, маданий баалуулуктарын сактоочусу да болот. Биз талап кылган сапаттуу билим – мугалимдер аркылуу гана окутуу үчүн жагымдуу шарттарда бериле тургандыгын Сингапурда жакшы билишет. Реформа класс ичиндеги сабак процессинде, мугалим менен окуучунун эки тараптуу мамилесиндеги өзгөрүүдөн баштала тургандыгын биз дагы эле аңдап түшүнө элек сыяктанабыз. 

Сингапурда мугалимдердин орточо курагы 36 жаш экендиги, коомдо мугалимдик кесипти баалап, сыйлап тургандыгын, анын келечектүү, колдоого татыктуу кесип экендигин дагы бир жолу аныктайт. Жаштардын бул кесипти тандоосунун дагы бир себеби, аларга шыктандыруу тизмеси түзүлүп, мугалимди лидерликке даярдоочу программалар иштейт. Эң негизгиси, агартуучунун ролу, максаты жана баалуулуктары тууралуу коомго эстетип, мотивация берүүчү иш аракеттер көп өткөрүлөт. Мамлекет мугалимге кам көрүү менен бирге сырткы имиджин да жогорулатуучу атайын сыйлыктарды жыл сайын тапшырылып турат. Улуттун келечегин куруучу болгон – агартуучунун демин көтөрүүгө жана алардын жетишкендиктерин жалпы коом менен бөлүшөп турууга система ар тараптуу аракеттерди ишке ашыра тургандыгында. Мугалим класста балага камкор, мээримдүү болуш үчүн жигердүү мамиле жасап, өстүрүп турушу зарыл экендиги СББ тажрыйбасынан ачык байкалат.

Биздин өлкөдө мугалимдин кадыр-баркын көтөрүү үчүн акыркы жылдары көп аракеттер болууда. Бирок класстын ичиндеги абалга, шартка жана процесске эч бир таасирин тийгизе албай жатат. Мугалимдин айлыгы көбөйдү, бирок сот, прокуратура сыяктуу органдардын маянасынын 4,1 бөлүгү гана болуп, аны да жыл сайын өсүп жаткан инфляция жеп коюуда. Класстагы окуучулар шаар ичинде 45-50 боюнча калууда, ошол эле учурда биз аларды кошуп, 12 жылдык билим берүүгө өтөбүз деп жатабыз. Бул кайра эле билим берүүнүн фундаменталдуу болгон материалдык-техникалык, финансылык абалын өзгөртпөй туруп, мугалимге түйшүктү көбөйтүү дегендик эмеспи? Класстагы баланын санын кыскартып, мугалимге жардамчы берип, окуу процессин керектүү каражаттары менен жабдуу маселесин чечип берүү тууралуу азыр эч ким түйшөлбөгөн сыяктуу. Мамлекеттик мектептерде чечилбей келе жаткан нерселер жеке мектептерде тийешелүү деңгээлде ишке ашырылып, окуучулардын агымы азыр ошол жакка бурулуп, шаарда жеке менчик билим берүү мекемелери көбөйүп бара жаткандыгын көрүүдөбүз. Анткени ал жакта мугалим класста 20-25 бала менен керектүү окуу каражаттары жабдылган ыңгайлуу шартта сабак бере алат. Үч маал тамактануу, баласынын билими үчүн жооптуу ата-эне, жардамчы мугалим жана эң негизгиси татыктуу айлык акы берилгендиги менен өзүнө тартып турат. 

Жыйынтыгында, кандай гана алдыңкы тажрыйба болбосун, ал конкреттүү мамлекет, шарт үчүн иштеши мүмкүн. Сингапурдун жана Финляндиянын өзүнүн өзгөчө тарыхы, менталитети бар, ошондуктан ал өлкөлөрдөгү билим берүү тажрыйбаларын чыпкалап, акыл элегинен өткөрүп алгандан кийин гана пайдалануу зарыл. Экинчиден, чет элдик алдыңкы билим берүү системасы менен иштеген жеке мектептердин үлгүсүн же англис тилиндеги тесттерди мыкты аткарып, престиждүү окуу жайына өтүүгө даярдаган, бирок кыргыз маданиятына, мекенчилдикке тарбиялоону арткы планга сүрүп койгон акчалуулардын буюртмасын гана аткарган тажрыйбаны кайталабоо керек. Эң негизгиси, реформа сапаттык өзгөрүүнүн генератору болгон мугалим менен баланын мамилесин, окуу шарттарын жакшыртууга жана өз эли-жерин сүйгөн мекенчил атуулду тарбиялоого умтулган жаратман билим берүүнү мамлекеттик кызыкчылыкты камтыган негизги маселе катары карап, коомдун позитивдүү энергиясын ойготууга багытталган реалдуу иш-чараларды аткарышы зарыл деп ойлойбуз.


Курманкан Абдиева, Брайт эл аралык билим берүү мекемесинин окутуучусу 

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер