Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төгөт жамгыр... ак көйнөгүм үлбүрөп

Төгөт жамгыр... ак көйнөгүм үлбүрөп

29-март, 16:40
1 873 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Жамгырга, жазга таасирленип жакшы ырлар жаралып жаткан кез. Акын Гүлзат Ормонбекованын жаз тууралуу ыры)


Төгөт жамгыр... ак көйнөгүм үлбүрөп 

Чачтарым суу... эриндерим дилдиреп. 

Тазаланып алсынчы деп кир дүйнөм 

Жаанга атайын калганымды ким билет...

Көл-шал турсам карап өтөт адамдар 

Кирдегенин көкүрөгүм бир билет.

Дүйнө кирби... сенби... менби кимибиз?

Кирдеп эле бараткансыйт дилибиз. 

Биз өмүрдүн кымбаттыгын унутуп 

Арзан дейбиз бирибизди бирибиз...

Баасы арзан өмүр менен адамдын 

Баасы кымбат илип алган киймибиз.

Баасы канча ак шайымдын үлбүрөк?

Баасы канча өмүрүмдүн ким билет?

Мен жок кезде эскергиле, дүйнөсүн 

Жамгырларга жуундуруп жүрчү деп...

Билген үчүн бул өмүрдүн кадырын 

Душманына дагы жылуу күлчү деп...

Жашачу эле башкалардан башкача 

Өзүн байлап берчү эмес жакпаса. 

Ырды сүйгөн бир өмүрү бар эле 

Табияттын кызы эле деп таптаза...

Эскергиле көздөргө жаш келчү деп 

Ырларында каректерин жаштаса...

Эскергиле кирдеткенин адамдар 

Жан болгонум үчүн дагы алаңзар 

Жүзүм жарык болгон менен ичимде 

Ишеничтен калып калган жарам бар...

Кепинине ороп алган абийрин

Мени сүйгөн жандан калган жарам ал.

Жаңылышкан тагдыры өксүк жарадар 

Аялзаттын арман-муңун жазам зар. 

Кесир сүйлөп дебегиле

“кандай жан?!”

А десеңер ырдан алчу жазам ал...

Мени далай сындырышаар сөз менен 

Али далай ырдан алчу жазам бар.

Төгөт жамгыр... буулукканда табият 

Жазам ырым буулукканда жүрөгүм 

Буркан-шаркан... табият да жандүйнөм 

Көл-шал жуунуп жамгырларда жүрөмүн.

Кирдегендей табият да... кирдеген 

Күнөөсү көп араңарда бирөөмүн...

Сүттөн акмын дегилечи бирөө(ү)ң?

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер