Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турак жай кооперативдери боюнча мыйзам жазылат

Турак жай кооперативдери боюнча мыйзам жазылат

13-июль, 20:04
252 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңеш турак жай кооперативдери боюнча мыйзам даярдап жатат. Бул тууралуу парламенттеги "Ишеним" фракциясынын лидери, депутат Улукбек Ормонов "Азаттыкка" билдирди.

"Турак жай кооперативдеринин дарегине карата элден арыз-дооматтар көп түшүп жатканына байланыштуу биз атайын мыйзам жазууну чечтик. Азыр жаңы эле башталып, жумушчу топ түзүлдү. Күзгө барып, буюрса даяр болот. Ошого биз мыйзам түрүндө бөгөт коюу жагын карап жатабыз. Бүт жолдору каралат".

ИИМ "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Кылмыш кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу") менен козголгон кылмыш иштерин тергөө алкагында 11-июлда кармалганын маалымдаган.

Мекеменин эсебинде жарандардан келип түшкөн арыз-даттануу боюнча жалпы келтирилген зыяндын өлчөмү 121 млн. 313 миң 950 сомду түзгөн. "Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин жетекчилиги бул убакытка чейин зыяндын ордун толтурган эмес. Азырынча аталган кооперативдин өкүлдөрү милициянын маалыматына комментарий бере элек.

ИИМдин маалымдашынча, жыл башынан бери турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко жөнөтүлгөн.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер