Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Май окуясын алсак, кыжырланган эл тез эле топтолорун көрсөтүп койду”

Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Май окуясын алсак, кыжырланган эл тез эле топтолорун көрсөтүп койду”

22-июль, 14:22
687 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акыркы кездери "бийликти басып алууга чакырык жасаган" деген кине менен кармалгандар көбөйө баштады го? Өлкөбүздө чын эле төңкөрүш жасоого аракеттер көрүлүп жатабы?

-- Акыркы эки жылда “бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү” деген беренелер менен кармалгандар абдан көп болууда. Саясатчы, коомдук ишмерлер ойлору, журналисттер калемдери, акындар кызыл тили үчүн камалууда. Так эле ошол беренелер менен элге белгисиз, уюшулган куралдуу топтор да торго түшүүдө. Башкача айтканда, пикир, ой, калем, ыр саптары менен курал-жаракчандар бир берене менен камакка алына баштады. Айтарым, куугунтуктоо, камоо, коркутуу менен эмес, экономиканы өнүктүрүү, элдин жашоо-шартын оңдоо, реформаларды ишке ашыруу таризинде элдин ишенимин алууга аракет кылыш керек. 

Пакистандыктарга байланышкан Май окуясын алсак, кыргыз эли, анын ичинде жаштары, оппозициясы, башчысы, куралы жок эле тез арада мобилизациялык күчкө ээ экенин, кыжырланган эл тез эле топтолуп, чоң агымга айланарын көрсөтүп койду. Дагы бир ирет белгилей кетким келет, Акаевден бери келе жаткан конъюнктурщиктер отчетто укмуштарды көрсөткөнү менен элдин реалдуу жашоосу кескин айырмаланары анык.

-Кечээ жакында УКМК кармаган радикалдык топтун үйлөрүн тинтүү учурунда Марлен Маматалиевдин аскердик билети табылыптыр. Депутат аны бир канча жыл мурун дээрлик документинин баарын сейфинен уурдатканын айтты. Эми кооптуу топтон табылган аскердик билетти Марлен Мамталиевге каршы колдонуп, аны да бир нерсеге кириптер кылып коюшпайбы?

-- Уурдалган документтер көрсөтмө алганга жана ал аркылуу кылмыш иш ачууга негиз боло албайт. Жаңы муундун өкүлү, билими, мамлекеттик кызматта тажрыйбасы бар, парламенттик мектептен жакшы өтүп, жигердүү иштеген депутаттардын сап башында турган Марлен Маматалиев боюнча кара пиар жүрө баштады. Чынында Марлен Маматалиевдей адекваттуу кадрды даярдоого көп убакыт керектелет. Анын тыңдыгы, маселени кабыргасынан коё билгени, элге керектүү мыйзамдарды жаза алганын жактырбагандар чыгууда, буттан чалууга аракет кылышы мүмкүн. Себеби, Марлен Маматалиев жаш болсо да партия түптөп, парламентте эле эмес, жергиликтүү кеңештерде дагы депутаттарды шайлатууга үлгүрдү. Мүмкүн мына ушундай аракеттери үчүн кодулапжылдызы жанып кетпесин дегендей каралап, саясаттан четтетүү аракети да жасалып жатышы мүмкүн. 

Чынында Марлен Маматалиевге ичи жылыбай, анын изине түшкүсү келгендер тымызын каралабай, ачык күрөшүшү керек. Кара пиар аркылуу эмес, дебатка чыгып, дооматы болсо ачык айтышы шарт. Кыңырылып кара пиар таратуу, саясатка да, эркекчиликке дагы жатпайт.

-Ал кимдир бирөөнүн куйругун бастыбы?

-- Менимче, Марлен бирөөлөр бут тосо турган иштер менен деле алек болгон эмес. Ал жаш болсо да билимдүү, ой чабыты кең, жигердүү иштеген, интригадан алыс депутат болду. Атургай “жакындарымды кызматка көтөрөйүн, менин партиялашым, санаалашым чоңойсун” деп жанталашпай, таза иштеп, өзүн жакшы жагынан гана көрсөттү. Ошон үчүн анын аракеттеринен шек санагандар болсо, ачык айтып, түз сүйлөп, маселени дебат аркылуу чечип алышы зарылАнтпесе, мындай кара пиарды токтотуп, жакшы иштеген депутатка тоскоолдук жаратпашы керек.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер