Бакытбек Жумагулов, серепчи: “Азыр добуш сатып алуу, сатуу абдан опурталдуу жагдайды жаратат”


-- Бакытбек Сатымбаевич, парламенттик шайлоого чыгып аткан талапкерлердин басымдуу бөлүгүнө сын-пикирлер айтылып, коомчулукта түрдүү талкууларга жем ташталууда. Бул нерсе депутаттык мандаттын баркы кеткенинен болуп жатабы?
-- “Депутаттык мандаттын баркы кетти” деп айтуудан алысмын. Бирок, мурунку Конституцияга салыштырмалуу азыркы Конституцияда Жогорку Кеңештин регламентинде депутаттардын мүмкүнчүлүктөрү азайганы чын. Депутаттардын өкмөттү каттоо, кандайдыр бир чечимдерине таасир кылуу боюнча дагы мүмкүнчүлүктөрү чектелген. Негизи депутаттардын мыйзам чыгаруу деген чоң функциясы бар. Ошол мыйзамдарды кабыл алуу аркылуу өкмөт менен түзмө-түз иштешип, жакшы мыйзамдарды жылдырып, элге, коомчулукка, мамлекетке таасир этсе болот.
Ошондой эле азыр көп мандаттуу округ болгону үчүн баардык иш-аракеттер округдун кызыкчылыгы менен байланышта эмеспи. Мүмкүн “округда кадырым чоң” деп өзүнө ишенгендер дагы талапкер болуп катталып, элдин сынына калып, мандаттын баркы кеткендей таасир калтырып жатышкандыр...
-- “Парламенттик шайлоого катышам” деп жарнамалап, кайра орто жолдон ар кайсы шылтоону айтып, талапкерлигин алгандар шайлоону олуттуу карабагандарбы же мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, маанилүү көрүнгүсү келгендерби?
-- БШКдан каттоодон өтүп, кайра өз каалоосу менен шайлоого катышуудан баш тарткандардын ар кандай себептери болушу мүмкүн. Кээ бирөөлөрү талапкерлигин коюп, кандайдыр бир соодалашууну максат кылышы ыктымал. Ошондой эле тууган-туушканына маанилүү көрүнүү үчүн да катталып койгондор болушу мүмкүн. Ошон үчүн баарын “ушундай болуп жатат” деген тенденцияга алып келүү кыйыныраак.
-- БШК түрдүү себептерден каттабай койгон талапкерлерди да көрдүк. Алар мурунку чакырылышта кадимкидей эле депутат болушуп, бул шайлоодо эле кооптуу адамга айланып калышкан жокпу?
-- Мурда мандат алышып, иштешип, ушул шайлоо кампаниясында ар кайсы себептерден улам диний маселе боюнча жана “уюшкан кылмыштуу уюмдар менен байланышы бар” деген дагы чектөөлөрдөн улам катталбай калгандар да бар. Бирок, ал мыйзамды жана шайлоодогу чектөөлөрдүн баарын өздөрү депутат кезинде кабыл алышкан. Тагыраагы, өздөрү ошол чектөөлөргө тушугуп калышты. Эми маселесин сот аркылуу чечип алышса болот.
-- Кайсы аймактарда шайлоонун шаңы катуулачудай деп ойлойсуз?
-- Баардык аймактардан чыккан талапкерлер мандатка жетиш үчүн болгон аракеттери менен күрөшүшөт. Кайсы жакта айыгышкан таймаш жүрөрүн айтыш кыйын. Бирок, мандат үчүн республика боюнча эле күрөш катуу өтөт го.
-- Бу сапар күчтүү талапкерлердин кадыр-баркы добуш алып береби же мандатты каражат чечеби?
-- Негизи кадыр-барк деген фактор күчтүү капитал болуп эсептелет. Талапкердин өзү койгон округунда кадыр-баркы артып турса, эли колдогон саясатчы болсо, албетте, анын мүмкүнчүлүгү да көбүрөөк эмеспи. Ошондой эле үгүт кампаниясында, үгүт иштеринде каражат маселеси деле бир топ ролду ойноп коёт. Бирок, “каражатым көп” деп эле добуш сатып алуу аракети жүрсө, анын коркунучтары талапкер үчүн кооптуу. Азыр алган дагы, берген дагы киши камакка алынат. Ошон үчүн добуш сатып алуу, сатуу абдан опурталдуу жагдайды жаратат...
"Азия Ньюс" гезити











