Судья Турдукулов пара алуу менен экс-министр Чодуевди эркиндикке чыгардыбы?
Кызык. Көз жазгыруу оюну бекен? Ушул жылдын март айында мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев камакка алынган эле. Ал алдамчылыкка шектелип, мамлекетке 500 миллион сом зыян келтиргени боюнча маалымдалган. Тилекке каршы, кечээ үй камагына чыгарылыптыр. Туруктуу жашаган жери жок, “куйрук түйүп” кетсечи? “Мыйзам буйлалаган төө” деп бекер айтылбаса керек.
Экс-министр камалганга чейин Ош шаарынын чок ортосундагы 3 гектар жерге ээлик кылып, көп кабаттуу үйлөрдү куруудагы кыңыр иштери чыга баштаган. (Ишкер Рыскул Зулушев, депутат Нурбек Алимбеков менен күмөндүү байланыштары бар беле?) “Шибегени капка ката албайсың” дейт. Оор берененин негизинде Эркинбек Чодуев УКМК тарабынан кармалып атса (Өзбекстанга качып бараткан жеринен), Биринчи Май сотунун судьясы Тилек Турдукулов эркиндикке чыгарып жибергени кандай? Көшөгө артынан сүйлөшүп, көмүскөдөн пара алган эмеспи? А болбосо ири өлчөмдөгү алдамчылыкка, мыйзамсыз менчиктештирүүгө айыпталган чиновник оңой-олтоң эле жазадан кутулуп кетеби? Анан калса, Чодуев 2-апрелден бери эле ден соолугун шылтоолоп, элиталык ооруканада жатканы айтылып келген.
Натыйжада, судья Тилек Турдукулов “мыйзамды аттаса”, Биринчи Май районунун прокурору жогорку инстанцияга даттануу келтиреби? Күтө туралы. Же “Карга карганын көзүн чокубайт” дегендей ишарага барышабы? Миллиондорду “кымыргандар” бат эле жоопкерчиликтен бошоно беришсе, а түрмөлөрдү кедей-кембагалдардын балдары гана толтурушу керекпи? Теңсиздик да...