Жүрөктөрүнө мээрим, каректерине сүйүү толгон айымдар, бар болгула!

Булуттуу, кар аралаш жагырдын айы болгон жазга да, мартка да жеттик. Адамдарга тирүүлүккө, жашоого үмүт берген жаз айы. Кар эрип, байчечекей кылтыйып, тоңуп, карып бараткан жүрөктөргө жылуулук тартуулаган, сезимдерди ойготкон жаз айы.
Жаз менен кошо айымдардын 8-март майрамы босогобузда. “Бейиш энелердин таман алдында” дегендей, жүрөктөрүндө мээрим толгон энелер, каректерине сүйүү толгон айымдар, кирип келген майрамыңыздар куттуу болсун! Куштардын ырынан жана жылуулуктан ырахаттанып, көп энергия жана жылмаюу каалайбыз!
Сезим Толукбаева, акын: “Жыл сайын эмнегедир жазды күтөм”
-- Көрктөнүп бүр ачканда эмен багы,
Көктөмдөн көптү күтүп келем дагы.
Жан кирип тирүүлүккө баштаганда,
Жанданып тирилчүдөй энем дагы.
Энемсиз кандай ызгаар болгондугун,
Кол эмес көӊүл муздап тоӊгондугун.
Жамгырдай төгүп айтып алсам кана,
Чыгарып ичимдеги толгон муӊум.
Жылытып көӊүлүмдү жаз жиберсе, -
деп ойлоп кошо таалай-бакты берсе.
Жыл сайын эмнегедир күтө берем,
Болчудай жаз келгенде жакшы нерсе .
Жиберип жазда эргүү, ыр жаздырып,
Койгон бейм Жаратканым сырдаш кылып.
Азыгы көңүлүмдүн – жазды күтөм,
Келчүдөй коштоп алып бир жакшылык.
Бегимай Жаныбекова: “Кучак толо жоогазындарды алгым келет”
-- Жаз – мен үчүн коштошуунун жана жаңы башталыштардын мезгили. Бүчүрлөр жана гүлдөр жандуулук менен дем алып, жашообузга болгон каалоону, үмүттү ойготот. Менин оюмча, жаз – кайра жаралуунун символу, жаңы жашоонун башталышы жана жылдын эң сонун мезгили. Жылдын ушул маалында көзүмдү ачып ойгонорум менен бир нерсе жасап, өзүн-өзү өнүктүрүү, спорт менен машыгуу, андан да көбүрөөк иштеп, жаңы нерселерди жаратуу менен алектенгим келет.
Жазгы майрамдарда гүлдөрдү, тактап айтканда, жоогазындарды алганды жакшы көрөм. Жоогазындар жылдын ушул мезгилине байланыштуу керемет гүлдөр!
"Азия Ньюс" гезити