Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбай Тайлаков: “Ишкерлер болбогондо, дефицит жаралып, баалар мындан да өсмөк”

Кеңешбай Тайлаков: “Ишкерлер болбогондо, дефицит жаралып, баалар мындан да өсмөк”

24-июнь, 19:12
2 546 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору менен маек.

-- Товарларга болгон баанын өсүшү, анын ичинен айрыкча азык-түлүктүн кымбатташы калкты тынчсыздандырууда. Мындан улам, агенттик бааларды жөнгө салуу боюнча иш алып барып атса керек?

-- Бүгүнкү күндө баалар дүйнө жүзү боюнча өсүп атат. Биз өсүмдүк майынын 75 пайызын, кумшекердин 50 пайызын сырттан ташыйбыз. Жеке ишкерлер сырттан товарларды доллар менен алышат. Ошентип доллар курсунун таасири, транспорт жана башка чыгымдары, төлөнүп жаткан салыктарды эске алганда, баа кескин түрдө жогорулап кетти. Бирок, бүгүнкү күндө кумшекерге жана өсүмдүк майына болгон бааны жөнгө салуу кирген. Ага ылайык, 10-13%га чейин соода үстөгүн коюу каралды. Болбосо, 20-25%га чейин үстөк бааны көтөргөн учурлар кездешип келген. 

-- Соода жайларын текшерип, ашыкча үстөк баа менен саткандарга карата чаралар каралганбы?

-- Мораторийге байланыштуу мамлекеттик органдардын соода жайларын текшерүүгө укугу жок. Ошон үчүн биздин рычагдар талдоо, сурамжылоо, анализдөө, түшүндүрүү иштери менен чектелип атат. Ошондой болсо деле сурамжылоо учурунда бааны коюлган чектен жогорулатып жиберген жагдайлар катталды. Аларга карата эскертүүлөр берилди. Ал эми аны аткарбаган жеке жактарга мыйзам чегинде 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом эсебинде айып салынат. 

-- Сырттан товар ташыгандар менен кандай иш-чараларды алып барып атасыздар? Мүмкүн салыкты алып салуу жагы каралып жаткандыр...

-- Рынок экономикасынын шартында жашап жаткандыктан, мыйзам бизге кайсы бир күнүмдүк товарга бааны чектеп коюуга жол бербейт. Азыр союз убагындагыдай мамлекеттик баа комитети жок. Анүстүнө бизге көпчүлүк азык-түлүк импорттолгондуктан, аны алып келип жаткандар жеке менчик тарап болуп атат. Алар сырттагы баанын өскөнүнө карабай, товарларды тынымсыз алып кирип жатышат. Ошонун эсебинен дефицит дагы жок. Эгер алар болбогондо, дефицит жаралып, баалар мындан дагы кымбаттамак. Ал эми айрым азык-түлүккө кошумча нарк салыгын алып салуу сунуштарынын үстүндө тийелешелүү мекемелер иштеп атат.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер