Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темирбек Нурматов: “Чек араны чечүүдө ортомчуга муктаждык жок”

Темирбек Нурматов: “Чек араны чечүүдө ортомчуга муктаждык жок”

28-май, 18:47
977 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жапаровдун Сочиге болгон сапарынын негизги максаты эмнеде болду?

-- Бул эки тараптуу жолугушууну жакшы көрүнүш катары бааласак болот. Мындан эки жактын бири-бирине болгон кызыгуусу, мамилелердин өнүгүүсүнө болгон кадамдар бар экени белгилүү болду. Ал эми анын максаты: эки өлкөнүн кызматташтыгында жаңы этапты ачууга багытталган десек болот. Анткени биздин коомчулуктагы ой-санааларга Россия тараптан саресеп жүргүзүлүп жатса керек. Ошондуктан алар Борбор Азия мамлекеттерине көз карандысыз, калыс караган мамлекет катары калуу аракетин көрүп атышат. 

-- Россия тарап чек ара маселелерин чечүүдө Кыргызстан менен Тажикстанга ортомчу болууга даяр экенин айтты. Чек ара маселеси бир гана ортомчулар аркылуу чечилиши мүмкүнбү? Кырдаал ошондойбу?

-- Чек ара маселеси боюнча Россия тараптын маалыматы кенен экен. Аны чечүүдө көмөктөшүүгө да даяр. Бирок, Кыргызстан менен Тажикстан чек араны үчүнчү бир тараптын жардамы аркылуу чечүү деңгээлинде эмес. Эки өлкөнүн президенттери түз байланышта сүйлөшө алышат. Тийиштүү органдарда да өз ара пикир алмашуулар, иштер жүрүп атат. Андыктан чек араны чечүүдө ортомчуга муктаждык жок.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер