Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрөбай Колубаев, серепчи: “Чындап ОПГга каршы күрөш уланса, Акылбек Жапаровду эмне үчүн камакка алышпайт?”

Төрөбай Колубаев, серепчи: “Чындап ОПГга каршы күрөш уланса, Акылбек Жапаровду эмне үчүн камакка алышпайт?”

23-ноябрь, 14:59
553 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Төрөбай мырза, БШК бир топ талапкерлерди шайлоодон четтетти. Туура эле кылдыбы же алар деле тандалма саясат жүргүзө баштадыбы? 

-БШКнын бир топ талапкерлерди шайлоодон четтеткени туура эле болду. Анткени, биз светтик өлкөдө жашайбыз. Светтик өлкө болгондон кийин динге жакындар, уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы барларды четтетти. Мурункуга караганда туура эле болуп жаткандай. Бирок, баары жакшы деп айтуудан алысмын. Уюшкан топ менен күрөшүү саясаты да тандалма жүрүп жатат. Эгер чындап уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш уланса, Акылбек Жапаровду эмне үчүн камакка алышпайт (?) деген маселе бар. Эмне үчүн ал өтө чоң кызматта жана бийликтегилерге жакын жүрөт. Кримавторитет менен сүрөткө түшкөндөргө караганда, ал карым-катнаш жасап, кыйбасы болгону үчүн тоюна барды да. Эл арасында мына ушундай сөздөр айтылууда

-Шайлоо таза өтөбү?

-Шайлоо кыргыздын эле тарыхында эмес, дүйнө жүзүндө деле таза өтпөйт. Себеби, адегенде эле Көкөтөйдүн ашы – көп чатактын башы болгон жагдайлар жаралып жатпайбы. Мурунку депутаттар өзүн-өзү таркатып алып, эми кайра шайлоого аттанышууда. БШК бир канча талапкерди оюндан чыгарганы менен күмөн санаткан талапкерлер дагы деле бар. 

Бирок, ошондой болсо да Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевичтин аракеттеги шайлоосу да. Ошон үчүн жакшы өткөргөнгө, таза шайлоо кылганга болушунча аракет кылышат. Бирок, шайлоо баары бир маселе менен коштолот... 

-Шайлоодо күрөш кимдердин арасында болот?

-Күрөш оппозиция менен бийликтин ортосунда болбойт. Анткени, оппозициялык маанайдагы талапкерлерди көргөн жокмун. Ошон үчүн күрөш өздөрүнүн эле арасында, тагыраагы, “бата менен баратабыз” дегендердин ортосунда го... Ошондой эле шайлоонун тартибин, талабын күчөткөн менен шайлоо жердешчилик, добуш сатып алуу менен коштолот. Себеби, кыргыз эли татыктуусун тандабай, тууганчылыктан өйдө боло албай жатпайбызбы. 


  "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер