Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айзаданын өлүмүнө айыпталган Бакыт Матмусаев карьералык секирик жасаганда

Айзаданын өлүмүнө айыпталган Бакыт Матмусаев карьералык секирик жасаганда

20-май, 19:00
650 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кайда баратабыз? Айзаданын өлүмүнө айыпталып, жумуштан айдалган Бакыт Матмусаев ИИМдеги атайын полктун командири катары дайындалыптыр. Бул эмне, шылдыңдообу? Чырактай кыздын өмүрүн сактап кала албаган, убагында кылмышкерге кармоо операциясын киргизбеген, ошол кезде Бишкек ШИИБни жетектеп отурган Матмусаев кичине уялып, пенсияга кете берсе болбойт беле? Эмнеге эле кызматка тырмышат? Жогорку жетекчилик, президенттин администрациясы дал ушундай каргашалуу окуядан кийин калыс баа беришпейби? Айтор, суроолор көп. Өкмөт шалаакы жетекчиден арылгандын ордуна карьералык секирик жасата берсе, үлгү көрсөтпөсө, аягы жакшы бүтпөй калат да. Укук коргоо органдары адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту айгинелеп, жол салбаса, карапайым элибиз кантет? Эх, жалган дүйнө... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер