Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамбетжунус Абылов: “Камчыбек Ташиевге жалпыбыз жардам берип, чек арабызды тактап алалы”

Мамбетжунус Абылов: “Камчыбек Ташиевге жалпыбыз жардам берип, чек арабызды тактап алалы”

14-май, 11:17
1 269 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мамбетжунус агай, кечээки Баткендеги чек ара коогалаңында бизден 36 жараныбыз каза болду. 2010-жылкы Ош коогалаңында 460тан ашык адамдын өмүрү кыйылса да бийликтин бир да өкүлү жазага тартылган эмес. Баткендеги каза болгондор боюнча да бийлик күнөөлүү эмеспи?

-- Оштогу коогалаң бийликтин шалаакылыгынан келип чыккан. Ал эми Баткен боюнча кырдаал башкараак. Мисалы, чектеш жашаган кыргыз аймактарына 28-апрелде тажиктердин куралдуу күчтөрү кол салып, кыргыз аймактарын басып алып, ал жерлердеги үйлөргө тажиктердин желектерин илип, жол боюнда жайгашкан май куюучу жайларды, ашкана-дүкөндөрдү алардын техникаларын жер менен жексен кылып тегиздеп, үйлөргө өз кишилерин жайгаштырып да жиберишти. Тажиктердин миномет менен автоматтан аткан окторунан, вертолеттон аткан ракеталарынан кыргыз тараптан жергиликтүү 33 адам, 3 аскер кызматкери каза болду. Алардын аткылоосунан аман калгандар алган оор жаракаттарына карабай, үй-жайларын таштап, ар тарапка качып чыгышты. Буларга күбө болгондор биз тараптын даярдыгы жок болгондой кабылдашы ыктымал. Бирок бул жаңылыш пикир экени бүгүн ырасталды.

-- Тастыктап берсеңиз?

-- Баткенде «Головной» деп аталган суу бөлүштүргүчкө, «Максат» деп аталган чек ара көзөмөлүнө тажиктер кол салганда гана кыргыз чек арачылары алардын мизин майтарды. Тажиктердин 105 аскер кызматкери, чек ара аймагында жашаган 87 жараны каза болгондон кийин алар курал-жарактары менен биздин аймактан чыгып, биз менен чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүгө өтүштү. Биз тараптын уруксаты менен каза болгон 105 тажиктердин аскерлерин кантип чогултуп, аларды кантип техникаларына жүктөп кеткенин биз тарап видеого тартып коюшуптур. Ошондуктан тажик тараптан 19 эле аскер кызматкери каза болгону чылгый жалган. Бул деген биз тараптын тажиктерге каршы даяр турганын эле айгинелейт.

-- Тажиктер куралдарын, аскерлерин биздин аймактан чыгарып кеткенден кийин эки өлкөнүн чек ара маселесин тактоо боюнча өкмөттүк комиссиясы кайра ишин улантты. Анда төрт протоколго кол коюлганы кабарланды. Биз тарап кандай шартка макул болду?

-- Тажиктер биз койгон гана талапты, шартты карап жатышат.

-- Ачыктап бересизби?

-- Биринчиси – Ворух анклав боюнча калат. Экинчиси – Ворухтан Тажикстанга коридор ачылбайт. Ошондуктан Ворух менен Тажикстанды байланыштыра турган жол айыл ичи менен эмес, Капчыгай деп аталган кыргыз айылын айланып, тоо этегинен өтөт. Ушул маселе боюнча мурда эки жолу протоколго кол коюлган экен. Биринчи протоколуна бизден вице-премьер-министр Маматалиев, экинчисине вице-премьер-министр Разаков кол коюптур. Ал экөө тең ошол курула турган жолду арсар жер катары карап, ал жер кимге таандык экенин протоколдо көрсөтпөй коюшуптур. Ошондуктан ал жолду жаңы протоколдо «Баткен районунун жери» деп так атап, буга тажик тарап макул болуп, кол коюшту.

-- Анда эмне үчүн 1924-1927-жылкы «территориальное размежевание» деген документтин негизинде тажиктердин талабы да бул протоколгокиргизилип жатат?

-- Буга кыргыз тарап кызыкдар болгону үчүн кирип жатат. Себеби, эгер ошол 1924-1927-жылкы документтерди тажиктер тааныйбыз деп кол койсо, анда Мургаб, Жерге-Талды кыргыздардыкы деп тажиктер таанууга мажбур болушат. Эмне себептен? Аталган ошол документтерде Мургаб, Жерге-Тал кыргыздардын аймагы катары так жазылган. Кыскасы, жаңы кол коюла турган протоколдо кыргыздардын бир да чарчы метр жери тажиктерге өтпөйт, тажиктерге Ворухтан коридор да ачылбайт.

-- Анда эмне үчүн кыргыз коомчулугунда бүгүнкү бийликке нааразычылык күч?

-- Буга бүгүнкү кыргыз бийлиги эле күнөөлүү. Бүгүн эч кимге деле жашыруун болбой калды го, бийликтин элге берген убадалары жалган болуп жатканы. Мисалы, октябрда эл алдында сүйлөп жатып, “Кыргызстан 15 күндө таанылгыс болуп өзгөрөт” деди эле, андайды бүгүн эч ким көрө элек. Нарында сүйлөп жатып, “электр энергиянын тарифи май айында арзандайт” деди эле, эми аны ого бетер кымбаттатууну сунуштап жатышат. Казино ачууну демилгелеп алып, кайра баш тартууга мажбур болушту. Дагы башка толгон-токой мисалдарды келтире берсек болот. Соцтармактар аркылуу бийликтин тараткан билдирүүлөрү жалган чыгып калса, аны кайра өчүрө салып, кыскасы, азыркы бийлик эл ишенимин таптакыр төмөндөтүп алды. Ачыгын айтканда, бүгүн чек ара маселесинен башка бир да иш алдыга жыла элек. Чек ара маселеси орчундуу жана опурталдуу маселе экенин эске алып, биз баарыбыз анын аягына чыгышына көмөктөш болушубуз керек. Себеби, Кытай менен чек араны чечкен Акаев Үзөңгү-Кууштун айынан кызматын таштап, өлкөдөн чыга качкан. Каркыраны казактарга бергенибиз үчүн гана алар менен чек ара келишимине ээ болгонбуз. Тажик, өзбектер менен чек арабыз чечиле элек. Акаевден кийин бийликке келишкен Бакиев да, Отунбаева да, Атамбаев да, Жээнбеков да чек ара маселеси боюнча бир да натыйжалуу кадам жасашкан эмес. Ал эми учурда айрым калпыстыктарга жол берип жатса да Камчыбек Ташиев чек ара маселесин аз да болсо ордунан жылдыргансыды. Ошондуктан ага жалпыбыз жардам кылып, мамлекетибиздин чек арасын тактап алганыбыз оң.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер