Акыркы кабарлар
» Экономика » Мигранттар салган акча улам азаюуда
Мигранттар салган акча улам азаюуда
16-январь, 14:20


2019-жылдын 11 айында Кыргызстанга чет мамлекеттерден которулган акчанын жалпы суммасы 2,192 млрд. долларды түздү. Улуттук банктын маалыматына таянсак, бул андан мурунку жылдагы көрсөткүчкө караганда 287,4 млн. долларга аз.
2019-жылдын ноябрь айында сырттан октябрь айына караганда 28,09 млн. долларга аз акча которулган. Чет жактардан которулган акчанын 90%ы Орусиядан келет. Ал жактагы мигранттардан былтыр 2,148 млрд. доллар келген. АКШдан 27,9 млн. доллар которулган. Башка чет мамлекеттерден 13,7 млн. доллар келген.
“Азия Ньюс” гезити











