Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбай Тайлаков: “Учурда Кыргызстанда абдан туруктуу жана жөндүү баа саясаты бар”

Кеңешбай Тайлаков: “Учурда Кыргызстанда абдан туруктуу жана жөндүү баа саясаты бар”

29-октябрь, 12:00
524 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуттук статистика комитети тогуз айда күнүмдүк азык-түлүктүн баасы менен тарифтер былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо 10,6%га өскөнүн жарыялады. Бул дүйнөлүк кризистин капшабы жана импорттук товарлардын чыгымынын көбөйгөнү менен түшүндүрүлүп жатат. Дүйнө жүзүндө апаат болуп, аалам тынчыбай коркунучта турганда, өзүбүздүн ички душмандардын ызы-чуусунан бошой албай турабыз. Кудай сактасын, экономикабыз таптакыр төмөн түшүп кетсе оорчулук да күтүлүшү мүмкүн. Баарын алдын алып ойлонолу. 

Абалга жараша өлкө аймагындагы баалар боюнча монополияны жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков менен баарлаштык.

-- Азык-түлүк баасы дагы жогорулоодо, каатчылык коркунучу жокпу?

-- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда абдан туруктуу жана жөндүү баа саясаты бар, муну ачык айта алам. Албетте, бааларга мезгилдик факторлор дагы таасир кылат. Мисалы, бүгүнкү күндө картөшкө 20-25 сомдон сатылып жатат. 30-40 сомдон сатканда керектөөчүлөр нааразы болчу. Бүгүн алар ыраазы, фермерлер болсо "баа арзан" деп нааразы. Учурда ундун баасы төмөндөгөн. Жергиликтүү өндүрүштөн чыккан ундун баасы мурдагыга салыштырмалуу 3-4 сомго түштү. Ошол эле маалда Казакстандан чыккан ундун, көмүрдүн дүң баалары жеринде бир топ жогорулады. Казакстанда бир катар өндүрүмдөр кымбаттады. Ошондуктан, башка мамлекеттердеги кырдаалды дагы эске алышыбыз керек. Көп учурда керектөөчүлөр союз кезиндегидей “булар бааны эттен баштап сабиз-пиязга чейин коёт” деп кайрылышат. Бирок, бүгүнкү күндө бааны биз койбойбуз. Биз алдын алган иш-чараларды, мониторингдерди жүргүзүп, бааларга таасир берип турабыз. Мисалы, биз тараптан ар апта сайын мониторингдер уюштурулууда. Аналитикалык ыкмаларды күчөттүк. Башка мамлекеттерде, ЕАЭБде кандай болуп жатканына да көңүл бөлөбүз. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер