Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне үчүн жолуңуз болбой жатат? “Күзгү мыйзамы” менен караңыз!

Эмне үчүн жолуңуз болбой жатат? “Күзгү мыйзамы” менен караңыз!

20-октябрь, 19:24
1 000 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашоонун көптөгөн, сизге билинбеген, бирок иштей берген мыйзамдары бар. “Мыйзамды билбей калуу – жазадан куткарбайт” деген эң чоң эреже дагы бар эмеспи. Адамдарга сезилбей, бирок бекем иштеген “күзгү мыйзамы” тууралуу биоэнергетиктер белгилеп келишет. Бүгүн “barometr.kg”бул тууралуу токтолмокчу. 

“Күзгү мыйзамы” кандай иштейт?

Күзгүдөн кийимиңизди, келбетиңизди карайсыз. Бирок жашоодо маселе келип чыкса, сиз күзгүнү карагандын ордуна күнөөлүүлөрдү издейсиз. Байыркы акылмандар айткандай, “жашоо сизге тоскоолдуктарды жөнөтүп жатса, демек, ал сизге туура жолду көрсөтүүгө аракет кылып жатат”. Башка адамдар окуялар аркылуу сиздин ичиңизде болуп жаткан нерселерди чагылдырууда. Муну түшүнүүгө кыйын, бирок аракет кылып көрүңүз.

Башка бирөөнүн көзүндөгү чөптү көрүү 

Эгерде башка адамдар сизди кыжырлантып жатса, анын дал ошол кыжырланткан мүнөзү сизде бар болушу толук ыктымал. Болгону аларды сиз кашайып эле таккесе көргүңүз келбей жатат, же мойнуңузга алгыңыз келбейт. Ичтардык, көралбастык, амалкөйлүк, ачкөздүк, макоолук – мунун баарын жаман көрөсүзбү? Сизге жашоо ушундай адамдарды алып келип жатабы? Демек, жашоо ал мүнөздөрүңдүн үстүндө иштеп, бакытка, гармонияга жетсин деп жатат дешет энергетиктер. Демек, өзүңүздүн “ички күзгүңүздү” жакшылап карап көрүңүз. “Жок, мен андай эмесмин” деп айтарыңыз сөзсүз. Макул, сизде бул мүнөздөрдүн бири да жок, чыныгы ак жүрөк, жакшы адамсыз дейли. Андай болсо эмнеге сизге жалаң алдамчы адамдар кабылып жатат? Эмнеге кошунаңызга же башкаларга кабылбайт? Бул жерде “күзгү мыйзамынын” экинчи бөлүгү иштеп жатат. Тактап айтканда, сиз жашоодон эмнени көргүңүз келсе, ошону гана көрүп жатасыз. Эгерде дайыма алдамчылар менен калп сүйлөгөндөргө кабылып жатсаңыз, анда сиз “эч кимге ишенбеш керек!” деген программа менен жашайсыз. Жашоо болсо сизге аны кайра-кайра көрсөтүп, тастыктап берип жатат. “Күзгү мыйзамынын” мааниси ушул. Өз ааламыңызды жакшы жакка өзгөртүү – сиздин гана колуңузда!

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер