Буюрса, биз кезикчү жолдор жакын калгандыр...


(Жамайка Токонбаевага!)
Болжолу 2012-жылы таанышсак керек. Офиске келгенсиз. Чыгармачылыкка жаңы кадам таштап, зор ынтаа менен талпынган кара тоголок кыз элеңиз. Көп нерсеге кызыккан, жашоого үмүттүү караганыңыз жаккан болчу. Ошондогу көздөрүңүздөгү жандуу от азыр да жадымда, күнү бүгүнкүдөй элестүү турат. Көңүл кушум түшкөн. Бирок сизди жаш кыз катары кабыл алып, махабат майданына тартууга батынбадым... Убакыт деген зымырайт тура. Кийин айтышка чыгып, талантыңыз ташкындап, чыгармачылыкка сүңгүп кирдиңиз. Мен болжогондой “жарк” эте чыга келдиңиз да. Азыр элибизге таанылып, курч маанайдагы ырларыңыз оозго алынды. Эң опурталдуу жери, өсүп келаткан жаштар эйфорияга алдырышып, атак-даңктын оорусуна кабылышып, анан көпкө узабай калышарын билесизби? Ушуну эскертким келет. Мындай жаманчылыкты сизге каалабайм. Ириде ыр, аңгеме, макала жазганды улантыңыз. Көп окуңуз. Келечек али алдыда. Буюрса, биз кезикчү жолдор жакын калгандыр... “Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети” дегендей, жарыгымды тийгизүүгө кызыкдармын. Ийгиликтин эрте-кечи жок эмеспи...
Бир мырза
"Азия Ньюс" гезити











