Акыркы кабарлар
» Саясат » Абылгазиев Акаевге жооп узатты
Абылгазиев Акаевге жооп узатты
20-май, 20:48
598 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин “байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга Абылгазиевдин тийешеси бар” деген билдирүүсү негизсиз. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
“Териштирүү иштери жүрүп жатканы боюнча маалыматыбыз бар. Өкмөттүн тергөө иштеринин жүрүшү боюнча комментарий берүүгө укугу жок. Анткени, бул тергөөнүн жүрүшүнө басым жасоо катары кабыл алынат. Зарыл болгон учурда премьер-министр жана өкмөттүн өкүлдөрү тергөөнүн алкагында иштин жагдайын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө кызыкчылыгына түшүндүрмө берүүгө даяр” деп жазылат өкмөттүн билдирүүсүндө.