Мирлан Орозбаевге губернатордун күңүрт көлөкөсү, кесепети тийип калбайбы?


Ош губернаторунун 1-орун басарлыгына Мирлан Орозбаев дайындалып, ага карата жылуу пикирлер айтылууда. Куттуктайбыз! Жакшылыктар арта берсин! Эл үчүн ийгиликтүү кызмат кылышына тилектешбиз!
Аныгында Мирлан мырзанын саясатта, коомдук иштерде тажрыйбасы жетиштүү. Ал уюштургуч, тапкыч, оор кырдаалдан чыга билүүнү да өздөштүргөн. Бирок, аталган кызматы сыноо катары эсептелет. Азыр мамлекеттик мекемелерде кризистик абал байкалууда. Министрлерден баштап, аким, айыл өкмөттөрүнө чейин алмашуу орун алып, кадрдык таңкыстык менен кыйынчылыктарды көрүп атабыз. Ош облустук администрациясы жалпысынан көңүл жылытарлык жетишкендиктерге жеттиби? Былтыр губернатор болуп барган Аманкан Кенжебаевдин жарытылуу деле иштегенин көрө алган жокпуз. “Эт менен челдин ортосунда” эптеп күн өткөргөн кербезиби? Мындай жетекчи менен Мирлан Орозбаев өзүнүн ишмердигин, мүмкүнчүлүктөрүн ачып бере алабы? Кеп мына ушунда. Аманкан Кенжебаевдин күңүрт көлөкөсү, кесепети тийип калбайбы (?) деген санаркоо бар...











