Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кундус Кырбашева: “Жашыл экономикага бюрократиялык система бөгөт болууда”

Кундус Кырбашева: “Жашыл экономикага бюрократиялык система бөгөт болууда”

30-январь, 23:58
6 169 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сиз жашыл экономиканы өнүктүрүү жаатында иш жүргүзүп келесиз. Жаңылбасам, бул багытта иштер тууралуу 2016-жылдан бери эле айтылууда. Андан бери кандай кадамдар ишке ашты?

-- Эң туура, 2016-жылдан бери жашыл экономиканы өнүктүрүү жаатында айтып келем. Жашыл экономика – бул дүйнөлүк тенденция. Кыргызстан баары бир ошол багытка бара жатабыз. Мисалы, акыркы убактагы экологиянын бузулганын, шаардагы абанын абалын өзүңөр билесиңер. Дүйнөдөгү эң кир шаарларды ашып өтүп, аба индекси боюнча Бишкек биринчи орунга чыкты. Ошондуктан, биз каалайбызбы-каалабайбызбы, жашыл экосистемага, экологияга, экономикага өтүшүбүз зарыл. 2016-жылы баштагандан бери азыркы күнгө чейин өзүн-өзү жандандырган электр энергияны алуу тармагында иштеп, ушул жылы араң кагаз жумуштарын бүтүрдүк. Бир чоң долбоорду ишке ашыруу үчүн эмне деген гана уруксат алуу зарыл. Ошол уруксатты алыш үчүн төрт жыл убакыт кетти. 

Айыл өкмөттөрү, жергиликтүү калк менен сүйлөшүү керек. Мамлекеттик каттоо кызматынан, архитектурадан, мамэкотехинспекциядан жана башка мамлекеттик органдардан справкаларды алдык. Андан сырткары, чымчыктардын миграциясына, экологияга, маданий мурас деген архитектуралык мүрзөлөргө зыяны жок деген справкаларды чогултканга милдеттүү болдук. Жабдуулар да келди. Ошондуктан 2016-жылдан бери быйыл араң кагаз иштерин бүтүргөнгө жетиштик.

-- Бизде жашыл экономиканы алып кетүүгө болгон тоскоолдуктар катары дагы эмнелерди белгилейсиз?

-- Эң башкы тоскоолдук  бул бюрократиялык система. Уруксат кагаз жумуштары эң көп убакытты талап кылат. Бул биринчиси. Экинчиси, ошол жабдуулар келип жатканда пошлина төлөнбөйт. Бирок, аны сен негизги каражат катары баланска отургуза албайт экенсиң. Бизде фирма өзү колдоном десе, негизги каражатка отургузушу зарыл. Салык төлөнбөйт. Баардык ишкерлерде ошондой. Мисал үчүн, экскаваторду, же кандайдыр бир жабдууну алып келип, аны иштетем, ишканага колдоном десең, негизги каражатка отургузуп коюп, амортизацияны алып коё бересиң. Салык төлөнбөйт. Саткан учурда гана салык төлөйсүң. Эгерде башка товардай сатсаң, анан пайда көрсөң, төлөө шарт. Өзүң кодоном десең төлөбөйсүң. Ошол альтернативалык энергиянын булагын өнүктүрүүдө өзүн-өзү жандандыруу булактарын, энергетиканы өнүктүргөндө ошол жабдууларды алып келгенде негизги каражатка отургуза албайт экенбиз. Ошондуктан, биз салык төлөөгө мажбур болдук. Энергетиканын альтернативалык булактарына колдонулуучу жабдууларды мамлекет “негизги каражатка отургузууга уруксат бериши керек! Бул маселе мамлекеттик деңгээлде колдоого муктаж. 

Мен премьерге да кат жаздым. Бир ай болду, эч кандай жооп жок. Баардык жактарга биздин сунушубуз, каттар кеткен. Жооп жок. Себеби, алар азыр саясат менен алек болуш керек. Алар экологиялык-экономикалык маселелер биринчи орунда каралышы зарыл экенин түшүнбөй атышат. Кейиштүүсү ошол.

-- Ишкерлерде экологияга зыян келтирбей экономиканы өнүктүрүү деген түшүнүк канчалык деңгээлде калыптанып калды? 

-- Мен курактуу курбуларым, чогуу бизнес кылгандар кээде бизнес жамаатында чогулуп калабыз. Анда биз, албеттеушул суроону көп талкуулайбыз. Себеби, экология табылгыс нерсе. Аны жоготуп алсак, кайра калыбына келтиргенге кылымдар кетет. Экономика – бул акча. Мурда экономиканы биринчи орунга койсок, азыр экологияны биринчи орунга коюу зарылчылыгы бар. Андан кийин экономика. Бул тууралуу түшүндүрүү иштерин кылып, жергиликтүү калкка дагы айтып бергенге аракеттенип жатабыз. Мисалы, башка өнүккөн мамлекеттерде экономика менен экологиянын кайсынысын тандайсың?” дегенде, ойлонбостон экология биринчи орунда турат деп жооп беришет. Бизде да алгач экологиябыз биринчи орунда турушу керек. 

-- Сиз алып келүүгө сунуштап жаткан электробустар жөнүндө да айтып өтсөңүз? Шаар ичиндеги «микробустардын жол акысы көбөйтүлсүн» деген талаптар коюлуп жатканда, ушуга окшогон долбоорлорду колдоо жагында да жылыштар болгондур? 

-- Электробусту айтканымдын себеби, бул компания бизге, Кыргызстанга 3-жолу өздөрүнүн кызматын сунуштап жатат. Биз аларды «мамлекеттик жеке кызматташтык» формасында алып келебиз. Анан жол акынын кайсы бир бөлүгү бустар өзүн-өзү актаганга төлөнсө, дагы бири салык түрүндө, жумуш орду түрүндө мамлекеттин бюджетине да акча түшө берет эле. Ошол эле убакта жол акысы дайым бир баада болот. Бирок, жөнөкөй автобустар колдонгон майдын 10 жылдык чыгымын салыштырсак деле экөөнүкү бирдей болуп чыгат. Биз башында айтып өткөндөй, экология менен экономиканы салыштырып, азыркы учурда биздин мамлекетте, борбор шаарыбызда болуп жаткан тазарууга он жыл алдыга стратегиялык пландарды койсок, ошол электробустардын шаарда жүргөнү пайдалуурак даАлгач азыркы жүрүп жаткан автобустар канча күйүүчү зат колдонорун, аларга канча айлык акы төлөнөрүн, ремонтко кеткен жана башка жалпы чыгымдарды эсептеп, финансылык аналитиканы акыркы үч жылга жасап чыгышыбыз шарт. Ал үчүн бизге мэр ачык маалымат бериши керек. Ушул кезде биз ага баардык каттарды даярдап жатабыз. 

-- Электр энергиясын альтернативдүү жолго салуу, башкача айтканда, шамал жана күн энергияларын колдонуу боюнча да суроо өтө актуалдуу болуп турат окшойт. Маселен, кышкы түтүн, 2023-жылга чейин суунун көлөмүнүн аз болору өңдүү көйгөйлөр бар эмеспи. Буларды эске алсак, жакынкы жылдары альтернативдүү жолдору чечилчүдөйбү? 

-- Ооба, биз улуттук энергетиканы диверсификациялашыбыз керек. Азыр баардыгыбыз Токтогул суу сактагычына көз каранды болуп турабыз. Ал 1961-жылы курулган. Андан бери анын кубаттуулугу азайды. Канча миллиондогон насыяга алынган акчалар эскини оңдоп-түзөөгө кетип жатат. Бирок, ага деле болбой кубаттуулугу, чыгарган энергиясы жылдан-жылга азаюуда. Анткени калктын саны көбөйдү. Эгер биз азыртадан ошондой альтернативалуу энергиянын булактарын даярдап койбосок, өзүңүздөр билесиздер, пандемия убагында эмне болдук? Гепарин деген 300 сомдук дарыны так кыйынчылык башыбызга түшкөндө 3000 сомдон алдык да. Албетте, Кудай сактасын, Токтогул ГЭСи иштеп турсун. Бирок, авария болсо, же суу аз болуп калса, электр энергиясын кайдан алабыз? Коңшулардан сурайбызбы? Ошондо коңшулар “15 сомдон, 20 сомдон ал” десе, айла жок аласың да, жок дегенде мектеп менен ооруканалардын светин өчүрбөгөнгө. Ошондуктан азыркы альтернативалуу булактарын колдоого алып, куруш керек. Мейли алар коммерциялык долбоор болуп, өзүн-өзү актап, калкка сатпаса дагы жеке тараптарга сатып турушсун. Бизнес чөйрөсү ага муктаж. 

Мына мен шайлоо учурундагы үгүт иштеринде шаардын четиндеги тигүү цехтерди, дүкөндөрдү, өнөр жай ишканаларын кыдырдым. Баары «бизде азыркыга чейин веердик өчүрүү болот» деп айтышты. Эми XXI кылымда веердик өчүрүү (айрыкча ушундай өнөр жай ишканалары үчүн) – бул шылдыңдагандык. Алар “үч сом кылсаңар дагы тигүү цехтерин өчүрбөгүлө, дайым электр болуп турсун” дешүүдө. Ошондуктан, альтернативалык булактар күн энергиясы, шамал энергиясынан коюлсун. Алардын өзүнүн кардарлары бар. Керек учурда ошолор бизди энергетика менен камсыздап берет. Диверсификация, запас болуп турушу өтө маанилүү. Биз башка коңшу өлкөлөрдөн көз каранды болбош үчүн азыртадан энергиянын альтернативалык булактарын өстүрүп, өнүктүрүп, даярдап баштасак, беш жылга чейин өнүгүп калат. Буга эч кандай бут тосуу болбошу керек. Керек болсо ошону салам дегендерди колдон-буттан алуу абзел. Балыкчы болобу, Шамалды-Сай болобу, канчалаган бош жерлер турат, ошолорду бериш керек. Ошону бергенге дагы бүтүндөй бюрократиялык системадан өтүп жатышат. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер