Накен Касиев картайганда “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен айыпталабы?
Саламаттык сактоо тармагын “талкалаган” Накен Касиев өмүр бою мамлекеттик кызматтан түшкөн эмес. Министр, губернатор ж.б. “майталкандуу” жерлердин баарын “жалмап” келгени жалганбы? Элибиз үчүн артында кандай эмгеги бар экенин билбейбиз. Эми ушул киши үйүндө тынч чайын ичип отурбай, коомчулукка акыл үйрөтүп, башын суурдай көтөрүп калыптыр. “Жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат” деген икая эске түшөт да. Чукусаң эле “бур” дей түшпөйбү?.. Андан көрө Накен Касиев Көк-Жар айылындагы кабат-кабат хансарайларын, квартираларын, бизнестерин кайсы акчага тапкан? Өмүр бою айлыкка жашаган пакиза адам мынчалык байлыкка жете албаса керек, туурабы? Кыскасы, аксакалдарыбыз да соо болбой калганбы? “Мыйзамсыз баюу” беренесине илинип калбайбы? Суроолор көп! Жообу кайда?
"Азия Ньюс" гезити