Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эркектин көзгө чөп салганына чыдоо керекпи же ажырашсамбы?

Эркектин көзгө чөп салганына чыдоо керекпи же ажырашсамбы?

30-сентябрь, 18:13
1 072 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Турмушка чыкканыма бир жыл болду, кызыбыз бар. Жолдошумдун кылганын кечира албай, жинди болуп отурам. Мен кош бойлуу кезде, жаңыдан көз жарган учурларда башка кыздарга барып жүргөнүн билип, үй-бүлөбүздө чатак чыкты. Аябай кечирим сурап, “экинчи кайталанбайт” деп жалооруду. Жаңы эле эне болуп, жашоого башкача карап турганда, “мейли” деп кечирдим. 

Бирок, жыл айланбай кайра эле баягы адаты менен кармалды. Кечкисин “досторго жолугам” деп коюп кыздарга барып, мамилелери тереңдеп жүргөнүн билдим. Эми көзүмдүн жашы он талаа. Эмне кылам? Кандай кылам? Бизде мындан ары кандай жашоо болот? Албетте, ишенген, таянган адамың башкаларга барып, аларга жалынып жүргөнү оор тийет экен. Кечирүү оор. Аялзатынын жандүйнөсүн да түшүнгүлө. Кеңеш бергилечи? Мындан аркы жашоомду кантип улантам?

Гүлзина

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер