Амирбек Азам уулу Усманов, серепчи: «Мыйзамды урматтап жашаганга элибиз, ошондой эле аткаминерлер да көнүшө элек»


-- Амирбек мырза, океандын ары жагында жүрсөңүз да алдыдагы парламенттик шайлоого алдыртан көз салып жатсаңыз керек, эмнеден чочулап атасыз?
-- Шайлоонун калыс, мыйзамдын чегинде өтүүсүнө БШК жана коомчулук өзү тыкыр көз салуусу зарыл. Арийне, депутаттыкка талапкерлер, атаандаштары "ала жипти" атташпастан, үгүт иштерин мыйзам алкагында жүргүзүшсө дейт элем. Бирок, мыйзамды урматтап жашаганга элибиз, ошондой эле аткаминерлер да көнүшө элек. Ошол себептүү ар бир талапкер өз мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, анын ичинде молдокелерди колдонууга аракет кылары калетсиз. Алар андай менталитеттен чыгуу үчүн алгачкы кадамды кечиктирбестен азыр жасашы керек. Антпесе, жаңылышат. Жаңылбаш үчүн, жапа чегип калбаш үчүн талапкерлер, алардын шайлоо штабында иштегендер мамлекет башчы Садыр Жапаровдун сентябрь айынын соңку күндөрүндө шайлоого байланыштуу жасаган кайрылуусун кылдат окушсун, бул ирет өкмөт мыйзамсыздыкты минималдаштырып, саясый өнөктүктү таза өткөргөнгө аракет кылат. Бюджеттик мекемелердин кызматкерлери, анын ичинде мугалимдер шайлоодо тууганына же башка бирөөгө жардамдашам (!) деп жумушун жоготорун президент кайрылуусунда эскертти.
-- Эмнеге?
-- Себеби, жетекчилик ушу шайлоодо өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй ызы-чуусуз, үлгү болгондой өткөрүп, болочокто да ушул жолдо өтүшүнө пайдубал түптөмөкчү. Ошон үчүн укук коргоо органдары парламенттик шайлоого даярдыктын жүрүшүнөн тартып, бүткөнгө чейин астейдил көзөмөлгө алат деп ойлойм. Кыргызда "Керегем сага айтам, келиним сен ук" деген накыл кеп бар эмеспи. Муну өзгөчө молдокелер жадында тутушуп, о.э. Конституцияга шилтеп, намазкөй бирөөнү колдойм дегенден этият болушу керек. Дегеним, мыйзамга сыйбаган иштер катталса, БШК жана өкмөттүк комиссия текшере турганын, андай териштирүүгө Садыр Жапаров өзү катышарын бекеринен кулак какты кылбады. Ал киши мурдагы президенттерден айырмаланып, мерчемдеген иштин өтөөсүнө чыкмайын жан үрөп иштээрин калайык калк көрдү го...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











