Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз Сокеев: “Сугат суу көйгөйү июль айында чечилет”

Алмаз Сокеев: “Сугат суу көйгөйү июль айында чечилет”

26-июнь, 14:42
2 182 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору менен маек.

-- Чүй өрөөнүндөгү суу тартыштыгынан улам дыйкандар сугат суу маселесин чечип берүү өтүнүчү менен өкмөткө кайрылышты эле. Бул маселенин үстүндө эмне иштер аткарылып атат?

-- Быйыл мөңгүлөр жакшы эрибей жатканына байланыштуу суу тартыш болуп атат. Дарыялардагы суу мурдагыга караганда эки жарым эсеге аз болгон үчүн сугат сууну бөлүп, кезеги менен берип жатабыз. Анткен менен дале суу жетпей калууда. Бирок, июль айында абанын түнкү температурасынын жогорулашы менен келген суунун көбөйүшүн күтүп атабыз. Июлга чейин чыдасак, буюрса бул көйгөй чечилет. Үмүтүбүз бар

-- Анда жакынкы аранын ичинде чечилүүчү маселе экен да. Ал эми сугат суунун мындан ары дагы тартыштыгын жоюу үчүн кандай пландар бар?

-- Чүй өрөөндөгү дарыяларга суу сактагыч куруу боюнча долбоорлор каралууда. Андан сырткары, суу жоготууларды болтурбоо үчүн айлампа канал курууга киришкени турабыз

-- Эл ичинде суу кошуна өлкөлөргө сатылып кеткен үчүн өзүбүзгө жетпей атканы айтылууда. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-- “Коңшу өлкөгө суу сатылып жатат деген маалыматтар туура эмес. Суунун тартыштыгы бизде эле эмес, Казакстанда деле ошондой. Буга себеп, мөңгүлөрдүн эрибей жатышы. Ал эми Чу дарыясынын 42 пайызы Казакстанга, 58 пайызы бизге караштуу. Ошон үчүн аларга суунун 42 пайыз үлүшү кетип, бизге 58 пайыз өзүбүздүн үлүш келет. Ушул боюнча туура эмес түшүнүктөр болуп атат.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер