Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Аксы окуясына карата Адил Турдукуловдун иш-чарасы мыкты баага татыды”

“Аксы окуясына карата Адил Турдукуловдун иш-чарасы мыкты баага татыды”

18-март, 12:10
640 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Трагедиялуу Аксы окуясына бүгүн 20 жыл толду. Кечээ коомдук ишмер Адил Турдукулов ушу күндү утурлай саясый иш-чара уюштуруп, өзү иликтеген даректүү тасмасынын бетачарын кылды. КР мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов баш болгон ошо кездеги ЖК депутаттары Исмаил Исаков, Бектур Асанов, Темир Сариев, Жеңиш Молдокматов баштаган саясатчылар, кандуу окуянын катышуучулары келишти. Алгач 25 мүнөттүк тасмадан кийин иш-чара жарыш сөз менен уланды. 

Сүйүнбек Касмамбетов, КР мамлекеттик катчысы:

-- Мен ошондо парламентте отургам. Эртең менен депутат Бектур Асанов кирип келип, “ушундай окуя болду, депутат Азимбек Бекназаровду түрмөгө камады, өткөндөгү сессияда сүйлөгөн сөзү үчүн” деп айтканы күнү бүгүн да кулагыма угулуп турат. Аксы окуясы бийлик төбөлдөрүнө, мамлекеттин жетекчилерине сес көргөздү. Адил мырза туура баамдагандай, кийинки саясый курч акциялардын чыгышына түрткү болду. Ошондо президент түшүнө баштады, элди жөн эле кумурсканы тебелегендей болбойт экенин. Бүгүнкү тартылган тасма абдан таасирдүү болуптур. Тасманын автору Адил мырза окуянын ичине кирип туруп, өйдө карай чыгарып, кайсы жерден эмне башталганын, аягы эмне менен бүткөнүн таасын чагылдырыптыр. Бул тасманы көпчүлүк элге көргөзө турган, андан сабак ала турган мыкты тасма болгон экен. Мен деле ойлойм, буга чейинки президенттер, азыркылар да ушундан сабак алса экен, эски алешемдикке жол бербесе экен. Бүгүнкү иш-чараны уюштурган адамдарга терең ыраазычылыгымды билдирем, мындай окуя эзели кайталанбасын, Кудай тынччылыгыбызды берсин! Анан Аксы окуясынын каармандарына таазим, дайым эсибизден чыкпайт, иштеген ишибиздин өзөгү болуп тура берет. 

Исмаил Исаков, экс-министр:

-- Аксы окуясы кыргыз тарыхында “Аксы окуясы, же кандуу жекшемби” деп кара тамга менен басылып калды. Башаты, негизги түбү Үзөңгү-Кууш Кытайга кетип, андагы ЖК депутаты Азимбек Бекназаровдун “президент Акаевге импичмент жарыялайм!” дегенинин негизинде бийликте отурган адамдардын аялдары жана жакын туугандары бийликке келип, Жалал-Абаддын прокурору “менин бийлигим, менин мыйзамым” деп калган учурдан башталган. Кандуу окуяга байланыштуу ошо кездеги көпчүлүккө маалым болгон тасманы кыйынчылыктар менен парламентке алып келдик. Көпчүлүк депутаттар көрүүдөн баш тартты. Анткени парламентте ал кезде чет элдик өкүлдөр, байкоочулар отурат эле. Аз сандагы каалоочулар үстүңкү кабатка чыгып, мен 20 мүнөттүк доклад жасап, кассетаны көргөздүм. Ошол эле күнү кечинде “Пирамида” каналынан коомчулукка көргөздү. Мына ошондон кийин Акаевдин бийлиги “сынды”. Ал эми бүгүнкү иш-чараны уюштурган Адилге рахмат! 

Бектур Асанов, экс-губернатор:

-- Бүгүнкү күндө Украина менен Россиянын согушу ошол Аксы окуясындагы бийлик менен элдин кармашуусуна окшош. Терең аңдагандарга Украина Кыргызстан үчүн согушуп атат. Ачык айтышыбыз керек, учурда биз Россиянын көз каранды мамлекетине айланып калдык. Учурду туура пайдаланып, өзүбүздүн туура жолду тандап алганыбыз оң. Бийлик менен элдин пикири бир болуш керек. Экинчиси, Аксы окуясына байланыштуу андагы курман болгон 7 адамга “Кыргыз Эл Баатыры” деген наамды бериш керек! 

Темир Сариев, экс-премьер-министр:

-- Ар бир учурдун, ар бир саясый окуялардын баатырлары болот. Аксы окуясында бир эле шейит кеткендер эмес, ошондогу Аксы эли “Үзөңгү-Куушту Кытайга бербейбиз, Азимбек Бекназаровду куткарабыз!” дегендердин баары баатырлар. Ошолордун бири Азиза Абдрасулова эжебиз Аксы окуясында чырылдап жүрдү. Кыларга иши жоктон эмес, ошо кезде кыргыз бийлигинин туура эмес кылып аткан жактарын айтып чыккан. Азыр да бул эжебиз чырылдап жүргөнү жүргөн. Аксы окуясын бүгүнкү күндө эскертип аткан Адил инибизге рахмат, сонун тасма даярдаптыр. Бул тасмадан биздин учурдагы бийлик башындагылар сабак алса дейт элек. 

Жеңиш Молдокматов, саясатчы:

-- Аксы окуясы эгемен кыргыз мамлекетинин тарыхында демократия, эркиндик үчүн алгачкы күрөш катары жазылып калды. Эркиндикти туу туткан кыргыз элим өлкөдө болуп аткан авторитардык, кландык, үй-бүлөлүк режимге каршы чыкты. Айтор, ошо биздин бүгүнкү күнүбүз, эркиндигибиз үчүн каза тапкан, өмүрүн аябай жанын берген аксылык жети баатырыбыз, ошону менен бирге Бишкекте ачкачылык жарыялап, акырында каза болгон Шералы Назаркулов агабыздын арбактарына таазим этебиз! Бул адамдар чыныгы демократия, сөз эркиндиги, жакшы турмуш үчүн күрөштүн символдору экени талашсыз. Ошо Аксы окуясынан кийин 6 президент, жүздөгөн депутаттар алмашты. Бирок, тилекке каршы, Аксы окуясына саясый жана укуктук баа бериле элек. Эскерип гана коёбуз, ошону менен чектелебиз, бул аябай өкүнүчтүү жагдай... Адил мырзага жана бүгүнкү иш-чараны уюштургандарга рахмат! 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер