Таабалды Тиллаев: “Тажиктер көпүрөнү жардыруу үчүн 100 килограмм тротилден ашык мина коюшкан”


-- Таабалды мырза, тажик тараптан жардырылган көпүрө эмне болду?
-- Ал биздин транспорт министрлиги тарабынан 2016-жылы курулган. Көк-Таш, Ак-Сай, Тамдык, Рабат жолдорун бириктирүүчү узундугу 36 метрлик стратегиялык көпүрө болчу. Баткен районунун жарымын жана Лейлек районун бириктирип турат эле. Тилекке каршы, тажик тараптан жардыруу кылышты. 100 килограмм тротилден ашык мина коюлган. Негизинен бул көпүрө 9 баллдык жер титирөөгө туруштук бергенге ылайыкталган. Анча-мынча артиллериялык снаряддарга бузулган эмес.
-- Калыбына келтирүү иштери кайсы деңгээлге жетти?
-- Жеке мен жардыруу болгон күнү ошол жакта элем. Эки күнгө жетпей транспорт жана коммуникация министрлиги жана “Кыргыз автожол” ишканасы менен бирдикте оңдоп-түзөп, жол каттамын ачтык. Жеңил, оор автоунаалар өтүп баштады. Өзгөчө элдерди эвакуация кылганга, башка жумуштарды жасаганга мүмкүнчүлүк болду.
-- “Жаман айтпай, жакшы жок”, дагы да эч ким кепилдик бере албайт, мындай нерсе кайталанбасына...
--Туура, акыркы кырдаал бизге сабак болду. Айыл менен айылды, район менен облусту бириктирип турган жол экенин жана мындан ары альтернативдүү варианттагы жолдорду курганга өкмөткө өз сунушубузду бергенге камылга көрүп баштадык...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











