» Саясат » Артында “калбыры” бар, чуулгандуу Дамир Давлянов аламанга аттанды
Артында “калбыры” бар, чуулгандуу Дамир Давлянов аламанга аттанды
01-апрель, 23:05
851 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Артында “калбыры” бар Дамир Давлянов Кара-Суу округунан депутаттыкка талапкерлигин койду. Бул кадрдын өтмүшүнө келсек, былыгы көп. 2018-жылы ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынан кызматкерлери менен шектүүдөн пара талап кылып жатканда, капыстан УКМК жасоолору бастырып киришип, кызык көрүнүш жаралганбы? Дамир Давлянов качып кетип, үч опери кармалганбы? Кайра 2019-жылы ИИМдин ички иликтөө кызматкерлери тарабынан кылтакка илинип, акчанын күчүнө салып кутулуп кеткенби? Мунун ордуна кол астында иштеген баласы кылмышты моюнга алып, камалып кетсе, ага квартира бергенби? Ооба, олуттуу соболдорду чечмелөөгө мезгил келди. Суроо-сопкут дагы уланат. Түштүк аймагынан баңгизаттар менен шугулдангандарды Дамир Давлянов калкалап келгенби? Артында ИИМдин лөктөрү турчу беле? Айтмакчы, убагында Алмазбек Эргешовдун кол астында иштеп жүрүп, Толкунбек Шоноевдин өлүмүнөн кийин жумуштан айдалганбы? Балээнини баары “эрежеге сыйбаган” баңгизаттардын айынан чыкканбы? Айтор, уу-дуу кептин уюгунда жүргөн Дамир Давлянов Кара-Суудан депутат болуу үчүн аттанып атса, акыл-эстүү, билимдүү катмар баш чайкап карап атса керек. Реалдуу шансы бар таза талапкер жок беле?