Акыркы кабарлар
» Саясат » Эбин тапкан Эргешов
Эбин тапкан Эргешов
27-июнь, 22:22

Ошентип, Алтынбек Эргешов Нарын губернаторлугунан бошоп, Токмок шаарына мэр болду. Буга чейин коомчулук тарабынан анын ишмердигине нааразычылыктар арбып, соцтармактарда талкуулар жаралган. Элдин маанайына жараша кызматынан ылдыйлап, борборго жакын келди. Эбин тапты. “Нарынды жыргатпаган Токмокту жарытабы?” деген аңыз кептер айтылууда. Айтор, “эт же чел эмес” дегендей, көптүн бири катары жүрөт. Убагында Курманбек Бакиевдин, Элмурза Сатыбалдиевдин, Жантөрө Сатыбалдиевдин жардамчысы катары иштеп, бирок алардан натыйжалуу сабак, үлгү алган эмес окшойт. Мындай дарамети менен Алтынбек Эргешов Токмокто деле көпкө кармалбаса керек.
"Азия Ньюс" гезити