Министр Кайрат Иманалиев “даанышман” болуп, чала иштелген концепцияны чампалаганда
КТРКны “кара жашикке” айландыргандардын бири, эки жыл куурай башын сындырбай маданият министринин орун басары болуп үргүлөп жүрүп, октябрь окуяларынан кийин күтүлбөгөн эле жерден (манты жеп отурганда) министр болуп калгандардын бири Кайрат Иманалиев. Анын жетекчилиги астында “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” концепция иштелип чыкты. Бул кайсы бир деңгээлде идеологиялык маселе. Бирок, бул концепцияда элди мобилизациялап, патриоттуулукка үндөй турган идеялар, тилге тээк боло турган жалындуу сөздөр, сезимге кыттай уюган чакырыктар жок. Башкача айтканда, концепцияда идеологиянын жыты сезилбейт. Ааламдашуунун шартында иденттүүлүгүн жоготуп жаткан кыргыз элинин каңырык түтөткөн көйгөйлөрү камтылган эмес. Концепция суу кечпеген жел сөздөр менен кургак жазылган. Андан-мындан көчүрүлүп, жалпы сөздөргө шыкалган бул бечара концепцияны саясатты, идеологияны жакшы түшүнбөгөн, коомчулукта “дежур чал” атка конгон Сыртбай Мусаев, Аблабек Асанкановго окшогон профессорлор жазышкан. Алардын башында саясатты эмес, өзү жетектеген маданият тармагын жыргатып билбеген Кайрат Иманалиев “даанышман” болуп, жумушчу топту башкарып, президентке чала иштелген концепцияны чампалап, кол койгонго бере салышыптыр...
"Азия Ньюс" гезити