Алимбаевдин көп былыктарын билген Эратовду эмнеге пайдаланбайбыз?

Баткен губернатору Абдикарим Алимбаевдин контрабандалык, мыйзамсыз иштери боюнча полковник Саиджан Эратовдун билери ыраспы? Ушул жагынан көп суроолор бышып, тар чөйрөдө кызуу кеп козголууда... Саиджан мырза Россиядан жогорку окуу жайын бүтүп келген, чыныгы чек арачы катары бааланат. Убагында мекенди коргоодо ийгиликтүү иштеп, бирок көралбастардын айынан кызматтан кеткенин укканбыз. Дал ушундай кадрды мамлекеттик кызматта пайдаланбай, четтетип салуу кимге опо? Акчага жакын Алимбаевдин соңку ишмердиктерин, бир топ сырларын Эратов жакшы билет экен. Ачык айта алабы? Көп нерсе көмүскөдөн чыкпай тургандай. Күч органдары Баткен облусундагы акылга сыйбаган, көшөгө артындагы көрүнүштөрдү иликтеп көрүшсө не?
Айтмакчы, Саиджан Эратов өткөн парламенттик шайлоодо “Улуттар Биримдиги” партиясына кошулуп, кичине интригага кабылып калды окшойт. Эми да кеч эмес, кайрадан жолун оңдоп кетүүгө...
"Азия Ньюс" гезити