Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түркмөнстандын президенти ооган качкындарын кабыл алуудан баш тартты

Түркмөнстандын президенти ооган качкындарын кабыл алуудан баш тартты

31-август, 19:23
1 473 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ооганстандык качкындар өлкөгө киргизилбей турганын расмий түрдө ырастады. Бул тууралуу ал 29-августта Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтты, деп жазат «Азаттык».

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги жазгандай, өз сөзүндө Бердымухамедов азыркыдай жеңил эмес эпидемиологиялык шартта качкындарды кабыл алуу боюнча туура чечимдер болушу керектигин белгиледи.

«Азыр адам өмүрү үчүн кооптуу болуп жаткан коронавирус инфекциясынын масштабдуу жайылуу тобокелдигин эске алуу зарыл» деди президент.

Ошол эле маалда түркмөн бийлиги акыркы кезде өлкөдө коронавирустун дельта штаммы менен ооругандар жана андан каза болгондор кескин көбөйгөнү боюнча эч кандай маалымат бербей, пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 жуктурган бир да учур катталбаганын билдирип келет.

Телефондук сүйлөшүүдө Бердымухамедов Түркмөнстандын Ооганстан боюнча позициясынын үч бөлүгүн баса белгиледи:

· Түркмөнстан Ооганстандагы абалды саясый-дипломатиялык ыкмалар жана тынчтык жолу менен гана жөнгө салууну колдойт;

· Экономикалык жактан Түркмөнстан ири инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде ТАПИ газ түтүгүн куруу, Ооганстан аркылуу Пакистанга электр линияларын тартуу, ошондой эле Ооганстан менен Түркмөнстанды бириктире турган темир жолду курууга байланышкан иштерди улантуу зарылдыгын белгилейт;

· Түркмөнстан азыркы тынчтык орнотуу процесстерине көмөктөшүү үчүн Ооганстанга туруктуу түрдө гуманитардык жардам берүүнү улантат.

Бердымухамедов түркмөн-ооган чек ара тилкелериндеги көзөмөл-өткөрмө бекеттер кадимки режимде иштеп жатканын, Ооганстандын Мазари-Шариф менен Гераттагы консулдуктары ишин токтотпогонун кошумчалады.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер