Мугалимдерди мазактагандарды жазага тартуу сунушталды
Жогорку Кеңештин сайтында мугалимдерди мазактагандарды жазага тартуу камтылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Анын негиздемесинде мугалимге окуучулар менен катар алардын ата-энелери жаман сөз айтып, адепсиз мамиле жасап, кордоп тийишкен, мазактаган, атүгүл кол салган окуялар көбөйгөнү жазылган. Мунун баары педагогдун коомдогу өзгөчө укуктук макамынын төмөндөшүнө алып келгени белгиленген.
Эгер мыйзам колдоо таап, кабыл алынса, жаза катары 2 же 3 миң сом айып пул салынат. Мындай жорук кайталанса, чоңдорго 5 миң сом айып пул салынат же аларга карата 3-5 күндүк административдик камак чарасы көрүлөт. Ал эми окуучуларга 4 миң сомдук айып пул салынат.
Мыйзам долбоорунун авторлору – Жогорку Кеңештин депутаттары Аманкан Кенжебаев жана Мирлан Самыйкожо.
Соңку кездери интернетте мектепте мугалим менен окуучулар айтышып, шылдыңдаган, бири-бирине кол көтөргөн видеолор көп тарай баштады. Айрымдары боюнча териштирүү жүрүп, мугалимдер иштен алынганы маалым болгон.