Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бийликтин чечимдери сапаттуу болгондо, коомдо мынчалык нааразычылык жаралмак эмес”

“Бийликтин чечимдери сапаттуу болгондо, коомдо мынчалык нааразычылык жаралмак эмес”

30-август, 00:04
305 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Абактагы Азимбек Бекназаров бийликти байма-бай сындап, өз чындыгын айтып келет. “Эл ойлонуп, ойгонууда. Төрт пансионат талкууланып атканда беш көмүр шахтасын, Сары-Жазды кытайлыктарга “сатканыңар” ачыкка чыгып жатат” деп Фейсбук баракчасына жазды. Бул жагынан кандай ой айтабыз?

Адил Турдукулов, жарандык активист:

-- Бул темаларга Азимбек Бекназаровдун басым жасап жатканы түшүнүктүү, анткени ал улутчул нуктагы, патриот саясатчы. Аскар Акаевдин доорунда “Үзөңгү-Кушту сактап калам” деп жылдызы жанган инсан. Ошол эле жолду улантып келе жатат. Анан дагы Бекназаров менен Равшан Джеенбеков абакта отуруп, бийликке моюн бербей, тескерисинче, радикалдуу кайрылууларды жасап жатканы алардын накта саясатчы экенинен кабар берет. Урматтабай коё албайсың. Ал эми ким кайсы жакка эмнени сатып жиберди (?) дегенди талдап караш керек. Кыргызстандын ресурстары аз, чоң объектилерди өз колу менен курууга каражаты жетпейт. Энергетикалык кризиске дуушар болуп жатабыз, ошондуктан ГЭСти курууга, шамалдан, күндөн, көмүрдөн көбүрөөк энергокубаттуулукту алууга умтулуп жаткандыгын кубаттайм. Ал эми Өзбекстанга төрт пансионатты бергени – биздикилер аргасыздан бул кадамга барып жатат го? Анткени, биринчиден, эл аралык соттон утулуп калдык, кенемте төлөш керек болуп калды. Анан дагы, Ташкент кайрадан эле Кемпир-Абад сыяктуу, Өзбекстан–Кыргызстан–Кытай темир жолдун курулушун ошол пансионаттар менен байлап койгон өңдүү. Ошон үчүн өз позициябызды сактай албай калдык. 

Эмил Жороев, саясат талдоочу:

-- Азимбек Бекназаровбу, же дагы башка жүздөгөн мекендештер болобу, бул төрт пансионат маселеси боюнча өтө ойлонуп, жактырбай, сынга алып жатканында жүйө абдан көп. Бийлик, президент баш болуп өтө алдастагандай шашылыш маанайдагы сөздөрдү айтып, жүйөлөрдү келтирип, негиздеме бергенге аракет кылып жатышат. Бирок Темир Сариев популисттик кылып, “кандайдыр бир негизсиз тартып алган” деп айтканы менен бул төрт пансионантты кайра алуу 2016-жылы эле ишке ашкан болсо, бүгүнкү күндө ал пансионаттарды Кыргызстандын карамагында калтырууга, аны менен кошо пансионатта турган жерди Кыргызстандын байлыгы катары сактап калууга болгон аркетти кылуу керек болчу. “49 жылга ижарага берди” деген – бул жеке тарапка болгон инвестиция эмес, бул компаниянын ошол жерге бизнес кылууга болгон укугу эмес. Биз пансионаттарды башка бир мамлекетке берип жатабыз. Баарыбыз билгендей, Кант шаарынын четинде Россиянын куралдуу күчтөрүнө ижарага берген жайыбыз бар. Анын мөөнөтү азыраак, бирок бул да канча талкууга алынды эле? 49 жыл деген бир адамдын өмүр ченеминде карасак, бир доорго барабар мөөнөт. Мунун ичинде кандай гана кубулуштар, өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн? Бүгүнкү күндөгү бул чечим жоопкерчиликсиз көрүнүшкө тете. “Бул маселенин куну 40 миллион доллар, биз төлөй албайбыз, мамлекет мынчага чамасы жок” дегени ачууну келтирген, таңгалдырган жүйө. Андай каражатты көзүнө илбей жүргөн бийликтин доорунда, “40 миллионду керек болсо бир мүнөттө таап коёбуз” деп ынтымакты карманган бийликтин тушунда жашап жатабыз. “Капчыгыбыз куру эмес” деп бекем ишендире айткан бийликтин учурундабыз. Кумтөр кенин талашып жатканда миллиарддаган чыгымдар болорун, миллиарддаган доого жыгылып каларыбызды билип туруп барганбыз. Корккон эмеспиз ошондо дагы. 40 миллион доллар чынында көп акча эмес. Ымала кылып жаткан Өзбекстан менен мамиледен жеңилсек деле аны жеңе турган жолдор көп эле. Мамлекет аны “анда 40 миллион доллар тапкыла” деп жеке жарандардын мойнуна илбей, чечип берүү маселеси алардын милдети. Кыргызстандын жерин, мүлкүн, укугун сактап калуу мамлекеттин бийлигинин милдети. “Жалпысынан алганда негативден башка эч нерсе көрбөйсүңөр” деп сынчыларды жаман көргөндө, “оң жактарын, жакшы иштерин да көрөлү деп аракет кыласың, бирок күндөн-күнгө чыккан маалыматтардан жакшы нерсени издесең да таппай турган кырдаал жаралып турат. Эл арасында бийликке болгон ишеним албетте дагы деле бийик болушу мүмкүн, бирок бара-бара азайып баратканы бул факт. Бурмалап, чала-бучук окушуп, өз ыңгайына жараша айтып жатышат. “90% эл бийликти колдошот” деген божомол – жалган! Сурамжылоонун мааниси таптакыр бурмаланганда гана ошентип айта алышат. Чынында, эл арасындагы колдоо бир топ төмөн экени даана эле нерсе. Бул бийлик үчүн өтө жеңил ойлуулук менен караганга болбогон, чоң маани бере турган мезгил десек жаңылышпайбыз. 

Руслан Акматбек, саясат талдоочу:

-- Акыркы учурдагы расмий бийликтин чечимдерине соцтармакта, көчөдө, башка жакта жарандардын нааразычылыгы бийлик менен элдин коомдук коммуникация кура албаган көрсөткүчү. Себеби, чечим биринчиден сапаттуу чыкпайт. Экинчиден, колдоого ээ болбойт. Жыйынтыгында ушундай нааразычылык,  түшүнбөстүк, келишпестиктер болот. Эгерде бийлик чечимдерин сапаттуу чыгарса, экинчиден, коом тарабынан колдоого ээ боло тургандай, жеткиликтүү кылып жеткиргенде, балким, мынчалык нааразычылык жаралмак эмес. Ошондуктан бийлик кайрадан коом менен байланышын карап чыгуусу зарыл. Себеби, ар бир чыгарган чечими дээрлик талкууга алынып, түшүнбөстүктөр жаралып, нааразычылык пайда болууда. Бул жөн жерден эмес. Ошондуктан бул бара-бара ишенимдин жоголуусуна алып келет. Тилекке каршы, жалпы өлкө үчүн бул пайдалуу эмес. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер