Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Искендер Шаршеев: “Күйүүчү май 1 сомго кымбаттаса, азык-түлүк баасы 2 пайыз көтөрүлүшү мүмкүн”

Искендер Шаршеев: “Күйүүчү май 1 сомго кымбаттаса, азык-түлүк баасы 2 пайыз көтөрүлүшү мүмкүн”

31-январь, 09:00
1 446 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жакынкы убакта бензин 4-5 сомго көтөрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйында Кыргыз нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди. Муну менен катар азык-түлүк баасы да көтөрүлбөйбү?

-- Ооба, кымбаттоо орун алат. Азык-түлүк баасында талаа жумуштарына жана жүк ташууга кеткен күйүүчү майдын үлүшү бар. Жалпы күйүүчү май 1 сомго кымбаттаса, азык-түлүк баасы 2%га көтөрүлүшү мүмкүн. Мындайча айтканда, нандын 40-60%ы күйүүчү майдын баасы. Анткени ал нанды өндүрүү үчүн күйүүчү майды айыл чарба техникасына куюш керек. 

Жерди айдоо, себүү, ошону менен бирге айыл чарба техникасын колдонуп насосторду алып келүү, сугаруу, эгин бышканда талаалардан түшүмдү жыйноо үчүн комбайнга күйүүчү майлар сарпталат. Түшүмдү күйүүчү май менен заводго жеткирүү, аны өндүрүп кайрадан жер-жерлерге алпаруу түйшүгү талап кылынат. Ошентип өндүрүлгөн продукцияга 40-50% күйүүчү май керектелет. Албетте, күйүүчү майдын баасы жогоруласа, жалпы азык-түлүктүн баасы дагы жогорулайт. Эл баасын көтөрбөсө да кымбатчылык ушул жагынан жүрүп отурат. 

Бизге жылына 1 млн. тонна күйүүчү май керектелет.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер