Ырысбек Атажанов: “Жумушка орноштурабыз” деп алдап, талаага таштаган учурлар болууда”

-- Ырысбек Ысламович, “Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө көз карашыңыз кандай?
-- “Жумуш менен камсыздайбыз” деп жарандарыбызды чет өлкөлөргө алып кетип жаткан жеке менчик фирмалардын лицензиясын текшерип, катуу көзөмөлгө алуу боюнча сунуш бердим. Себеби, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, чет мамлекеттерге “жумушка орноштурабыз” деп алып барып, талаага таштап салган учурлар болууда. Акчаларын, паспортторун алып, сатып ийген да фактылар бар экен.
-- Тактап көрдүңүздөрбү, ал фирмаларга лицензияны ким берет?
-- Юстиция министрлиги берет экен. Биздин оюбузча, бул ишке ички иштер министрлигин да аралаштырып, кайсы бир документтерди ИИМ бере тургандай кылыш керек. Себеби, ИИМ көзөмөлгө алса, фирмаларда “эртең кылмышка шектелип, лицензияман ажырап калбайын” деген коркуу сезими, кандайдыр бир жоопкерчилик болот эле.
"Азия Ньюс" гезити